Ошто аба каттамынан жасалма документ менен өтүүгө аракеттенген жүргүнчү кармалды

Кыргызыстандын 1988-жылы туулган жараны К.Ч., өзүнүн тууганынын паспорту менен Ош-Москва аба каттамында, чегарадан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды, деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

16-февраль күнү Ош-Москва рейсинде текшерүү учурунда жасалма документ менен К.Ч аттуу кыргыз жараны кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, буга чейин үстүбүздөгү жылдын февраль айында ушундай эле учур Бишкек-Москва темир жол каттамында да жүз берген.

"Анда аял киши “Бишкек – Москва” каттамы боюнча, башка бирөөнүн паспорту менен каттоодон өтүп жаткан жеринен “Кайыңды-темиржол” чек ара көзөмөл өткөрүү жайында чек арачылар тарабынан кармалган",–деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.