Депутаттар премьерди кызматтан кетирүүгө кол топтоп жатышат

Парламенттеги оппозициялык фракциялардын депутаттары премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди кызматтан кетирүү үчүн кол топтоп жатышат. Нааразычылыктардын себептеринин бири — анын Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциядагы аткарган иши.

Парламентарийлер Сатыбалдиевдин кызматтан кетиши үчүн 40 кол топтошту — бул тууралуу «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы «Республика» фракциясынан депутат, төраганын орун басары Чолпон Султанбековага шилтеме жасап билдирүүдө.

«Кол койгондордун эч кимиси өз чечимдерин өзгөртүшкөн жок. Менин оюмча, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамдирекциянын ишинин жыйынтыктары каралып жаткан бүгүнкү жыйындан кийин кол койгондордун саны көбөйөт», — деп жазган басылма төраганын орун басарынын айткандарын.

Кол топтоо Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишинин жыйынтыктары каралып жаткан парламент жыйыны менен катарлаш жүргүзүлүүдө. Аталган дирекцияны 2010-жылдагы улуттар аралык кагылыштан кийин Сатыбалдиев жетектеп турган.

Атайын түзүлгөн депутаттык комиссия мамдирекцияны дээрлик 570 млн. сомду максатсыз пайдаланган деп сынга алууда — комиссия төрагасы Нарынбек Молдобаевдин айтымында, аталган сумма каражаттардын жумшалышына көзөмөлдүн жоктугунан улам туура эмес пайдаланылган.

Жалпысынан түштүктү калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик бюджет менен түрдүү эл аралык уюмдар тарабынан 11 млрд сомго чукул каражат бөлүнгөн. Бирок комиссиянын маалыматтарына ылайык, болгону 4,6 млрд сом боюнча гана отчеттор жазылган.

Парламенттик комиссия тарабынан айтылып жаткан дооматтар бөлүнгөн каражатты жок кылуу менен сапатсыз курулган үйлөр гана эмес. Молдобаев ошондой эле максатсыз пайдалануулар жана мамлекеттик дирекциянын чиновниктери тарабынан жер тилкелери жогорулатылган бааларда сатылып алынгандыгын да билдирип, Башкы прокуратурага мекеменин каражат сарптоосун териштирүүнү сунуштаган.

Сатыбалдиевдин өзү өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органы менен Эсеп палатасынын мамдирекциянын каражаттарды жумшоосу боюнча тергөө жүргүзүүсүнө каршы эмес экенин айтууда.

«Биз Башкы прокуратура менен Эсеп палатасы тарабынан дагы бир жолу текшерүүлөрдүн жүргүзүлүшүнө каршы эмеспиз. Бирок мени кызматтан кетирүү үчүн кол топтоп жатканыңар – бул силердин мыйзамдуу укугуңар», — деп жазган АКИпресс маалымат агенттиги Сатыбалдиевдин айткандарын.