ИИМ: Эл аралык издөөдө жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкекте кармалды

Ички иштер министрлигинин билдиришинче, эл аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Мирлан Макаилов атайын ыкчам-издөө тобу тарабынан Бишкекте кармалган.

Эл аралык издөөдө жүргөн Мирлан Макаилов андан сырткары адам өлтүргөндүгү үчүн Жалал-Абад ИИБ тарабынан издөөдө жүргөн.

“Карышкыр” каймана аттуу мыйзамдагы уурунун ишенимдүү кишиси делген Макаилов 1984-жылы Сузак районунда туулган жана анын Батукаев менен да катышы болгон, делет ИИМдин маалыматында.

Автор: Канболот Абылкасым уулу
Редактор: Калыгул Максат уулу