Парламент имаратында мусулмандар үчүн жаңы сыйынуучу бөлмөнүн курулушу Кыргызстанда кызуу талкуу жаратты. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы бул чечимине айтылган сын-пикирлерге 6 беттен турган түшүндүрмөсүн чыгаруу менен жооп берди.
Жаңы намазканын айланасындагы талаш-тартыштар 24.kg маалымат агенттигинин сайтына «Төрага кантип президентке кыр көрсөттү» деген аталыштагы макала чыккандан кийин башталган.
Албетте, парламент төрагасы чынында президент Алмазбек Атамбаевге түздөн-түз кыр көрсөткөн эмес. 24.kgнин журналисттери макаланын темасы катары пайдаланган бул каймана сөз Асылбек Жээнбековдун аталган жайдын курулушу тууралуу Коргоо кеңешинин жыйынында айтып берүүсүн сүрөттөгөн.
«[Коргоо кеңешинин жыйынында] бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын башчысы Кудайга сыйынуучу бөлмөнүн активдүү курулушун көз көрүнө тана баштады. Төрага Коргоо кеңешин ал жерде жыйындар залы болооруна ынандырды. Тактап айтканда, парламент төрагасы өлкө башчысы менен Коргоо кеңешин гана эмес, жалпы жарандарды да алдады», — деп жазылган 24.kgнин макаласында.
13-февралда жарыяланган бул макаланын социалдык түйүндөрдө көптөгөн кайчы пикирлерди жаратканын эске алсак, албетте ал парламенттин көңүл сыртында калмак эмес.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 14-февраль күнү кечинде парламенттин имаратындагы ири оңдоо иштеринин алкагында намазканынын курулушу жүрүп жатканын ырастаган пресс-релиз тараткан. Анда оңдоо иштеринин алкагында маалымат каражаттары үчүн жаңы жыйындар залынын ачылышы да бар экендиги жазылган. (Тактап айтканда, Жээнбеков Атамбаевди алдабаган болууда).
Парламенттин бул пресс-релизи жаңы талкууларды жаратты. Эми сынчылар бийликтин мыйзам чыгаруу бутагын Кыргызстандагы мамлекеттүүлүктүн «светтик» мүнөзүн бузуп жатат деп айыпташты.
Парламент 17-февраль күнү кечинде журналисттерге «Мамлекет менен диндин өз ара катнашынын дүйнөлүк тажрыйбасы жөнүндөгү маалымат» деген аталыштагы 6 беттен турган түшүндүрмөсүн таратты.
Kloop.kgнин редакторлорунун баамында, парламент менен коомчулуктун ортосундагы талкуулардын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин өз позициясын ушундай жол менен далилдөөгө аракет кылышы биринчи жолу болууда.
Ошондуктан сиздердин назарыңыздарга парламенттин ал билдирүүсүн толугу менен сунуштайбыз.
Мамлекет менен диндин өз ара катнашынын дүйнөлүк тажрыйбасы жөнүндөгү маалымат
(Интернет-басылмалардын материалдарынын негизинде даярдалды)
1. «СВЕТТИК» ЖАНА «АТЕИСТТИК» ТҮШҮНҮКТӨР ТУУРАЛУУ
Көпчүлүк адамдар «светтик мамлекет» жана «атеисттик мамлекет» деген түшүнүктөрдү бирдей деп билип, жаңылышышат. Алардын ортосундагы айырмачылыкты так түшүнүү зарыл.
Светтик мамлекет — бул өлкөдөгү бийлик жөнөкөй, жарандык бийликке таандык болгон мамлекет. Бул диний уюмдар мамлекеттен бөлүнгөн, бирок ошол эле учурда дин тутуу жана диндик көз караштар эркиндиги эске алына турган мамлекет. Светтик мамлекетке теократиялык мамлекеттер карама-каршы турушат деп эсептелинет.
Атеисттик мамлекет — бул атеисттик үгүттөлөр мамлекеттик бийлик органдары тарабынан демилгеленип чыгарылган жана динге ишенген адамдарды системалуу түрдө куугунтуктоолорго алып турган мамлекет. Атеисттик мамлекеттер СССР жана башка социалисттик лагердеги өлкөлөр болушкан. Атеисттик үгүттөөлөрдүн укугу СССРдин Конституциясы (127-берене) менен бекемделген.
2. СВЕТТИК ӨЛКӨЛӨРДҮН ДИНГЕ БОЛГОН МАМИЛЕЛЕРИНИН МИСАЛДАРЫ
Светтик мамлекет дин тутуу эркиндигине тыюу салбайт. Мисалы, Улуу Британия, Дания, Норвегия, Греция, Швеция, Финляндия, Исландия сыяктуу светтик өлкөлөрдө дин мамлекеттик же расмий статусуна ээ. Болгария, Грузия, Индия, Латвия жана Литванын конституцияларында салттуу дин статусу бекитилген. Аргентина, Боливия, Гаити, Испания, Италия, Кипр, Колумбия, Македония жана Польша мамлекеттеринде бир катар диндер мамлекеттин өзгөчө колдоосуна ээ.
3. ДҮЙНӨ ПАРЛАМЕНТТЕРИНДЕГИ СЫЙЫНУУЛАР
Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн парламенттери жыйындарын сыйынып, дуба окуу менен башташат. Төмөндө алардын бир катарынын мисалдары келтирилген:
УЛУУ БРИТАНИЯ. Улуу Британиянын парламентиндеги эки палатанын жыйыны тең дуба окуу менен башталат. Общиналардын палатасында дубаны спикердин алдындагы атайын поп, ал эми Лорддор палатасында — эң улуу епископ окуйт. Дуба окулуп жатканда ал жакта элдин болушуна уруксат берилген эмес, сыйынууга катышууга эч ким мажбурлабайт. Белгилүү болгондой, бул практика XVI кылымдын орто ченинде эле башталган, ал эми окула турган дубанын азыркы тексти 1558-жылдан бери пайдаланылып келет.
АВСТРАЛИЯ. Жүз жылдан ашык убакыттан бери австралиялык парламенттин ар бир жыйыны спикердин «парламент үчүн» жана «Отче наш» деген эки дубасы менен башталат. Парламенттин жалпы эрежелерден көрүнөө айырмаланып тургандыгы өтө кызык, анткени башка бардык коомдук мекемелерде — алсак, мектептерде дуба окууга тыюу салынган.
ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ. Жаңызеландиялык парламенттин жыйыны да дуба окуп, сыйынуу менен башталат. Бирок дээрлик бардык башка жердегидей эле бул салт ал жакта да талаш-тартышты жаратат. 2007-жылы парламент спикери депутаттардын арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында парламентарийлердин 84 пайызы дуба окууну токтотууга каршы болушкан.
КАНАДА. Мында 136 жылдан бери парламенттин иши күн сайын дуба окуу менен башталат. Улуу Британиядагыдай эле бул жерде да дуба окулуп жатканда элдин кирүүсүнө тыюу салынган, бирок айырмачылыгы ал жакта парламенттин 20дан кем эмес мүчөсү катышкан шартта дубаны спикердин өзү окуйт.
АКШ. Конгресс менен Сенаттын жыйындары дуба окуп, сыйынуу менен башталат. 1983-жылы сот ал дуба окууну «болгону өлкөнүн жашоочуларынын арасында кеңири тараган диний ишенимди таануунун алгылыктуу формасы» деп атаган. Ошондой эле бул салт штаттык жана шаардык кеңештердин жыйындарынын көбүндө сакталат.
ИСЛАНДИЯ. 1845-жылдан баштап Исландиянын бир палаталуу Альтинга деп аталган парламентинин (930-жылдан бери иштеп келет) 1-октябрдагы ар жылдык сессиясы Мамлекеттик лютерандык чиркөөсү тарабынан уюштурулган лютерандык сыйынуу менен башталат.
ЛАТВИЯ. Эртең менен Латвиянын парламентинин (Сейма) кичи чиркөөсүндө лютерандык сыйынуу болот. Христиан дини — тарыхый жактан да, юридикалык жактан да Латвиянын башкы дини.
ДАНИЯ. Даниянын парламентинин (Фолькетинг) ар жылдык сессиясы парламенттин мүчөлөрү үчүн салттуу түрдө сыйынуу менен башталат; сыйынуу өлкөнүн парламенти жайгашкан Кристиансборг ордосунун кичи чиркөөсүндө болот.
4. ДҮЙНӨ ПАРЛАМЕНТТЕРИНДЕГИ СЫЙЫНУУ БӨЛМӨЛӨРҮ
УЛУУ БРИТАНИЯ. Улуу Британиянын парламентинин ички тартибинин эрежелерине ылайык, «Мильбанк Хаустун биринчи кабатынын 45-номурдагы бөлмөсү сыйынууга арналган».
Жаңылыктарда 2011-жылы Улуу Британиянын парламентинде мусулмандар үчүн сыйынуучу бөлмө ачылгандыгы кабарланган. «Бул өтө кызык факт. Кечээ мага лорд Ахмед (Улуу Британиянын парламентинин жогорку палатасынын мүчөсү Лорд Назир Ахмед) телефон чалып, парламент имаратында акыры сыйынуучу бөлмө ачылгандыгын билдирди», — деген Курандын маанисинин орусча котормосунун автору Валерия Порохова.
АКШ. Капитолийдин имаратында сыйынуучу бөлмө бар, анын терезесине сыйынып жаткан Джордж Вашингтондун сүрөтү илинген. Ал бөлмө туристтик топтор же имаратка жумуштап келгендер үчүн ачык эмес. Ошондой эле Капитолияда атайын дин кызматкери – сенат капелланы бар.
ГЕРМАНИЯ. Учурда Германиянын Бундестагы жайгашкан Рейхстангдын мурунку имаратынын 1-кабатынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө орун алган сыйынуучу бөлмө немис парламентинде көп адам кире турган жай. Герман Бундестагынын мүчөлөрү ал бөлмөнү сыйынуу, медитация, ой жүгүртүү жана кыялга батуу үчүн пайдаланышат.
КАНАДА. Канаданын Общиналык жана Сенат палаталары үчүн сыйынуучу бөлмө ачылган. Бул тууралуу кабарланган гезиттин билдирмеси оң жакта көрсөтүлгөн.
ГРУЗИЯ. XIX кылымда Кавказ армиясынын башчысы ыйык Александр Невскийдин чоң чиркөөсүнүн ордунда жайгашкан Грузиянын парламентинде сыйынуу бөлмөсү калыбына келтирилген.
ТҮРКИЯ. Түркиянын Улуу улуттук чогулушунун имаратында «намазкана» бар. Түркия Парламентинин аппарат кызматкерлеринин айтымдарында, ал бөлмө кооз жасалгаларга ээ.
УКРАИНА. Жогорку Рада өзүнүн жеке чиркөөсүнө ээ. Анча чоң эмес ал имарат Киев шаарынын Садовой көчөсүндө жайгашкан парламент комитеттеринин имаратынын жетинчи кабатында орун алган. Ал имарат кичи чиркөө же үй чиркөөсүнө окшош, анткен менен кадимки чиркөө статусуна ээ.
ЛАТВИЯ. Латвия парламентинин кичинекей жеке чиркөөсү бар.
ДАНИЯ. Даниянын парламенти жайгашкан Кристиансборг ордосунда кичинекей чиркөө бар.
МУСУЛМАН ӨЛКӨЛӨРҮ. Алжирде, Ооганстанда, Бангладеште, Индонезияда, Иорданияда, Иранда, Катарда, Мароккодо, Бириккен Араб Эмираттарында, Пакистанда, Сауд Аравиясында ислам расмий мамлекеттик дин статусуна ээ. Бул өлкөлөрдүн парламенттеринде намаз окууга шарттар түзүлгөн.
5. НАМАЗКАНАНЫН БОЛУШУНУН ӨЗГӨЧӨ ЗАРЫЛЧЫЛЫГЫ ТУУРАЛУУ
ИШЕМБИ. Библияда «ишемби, шаббат» күнүнө Кудайга сыйынууга арналган дайымкы эс алуу күнү катары өзгөчө статус берилген. Ал эрежеге ылайык, еврей салты боюнча ишемби — бул диний осуят катары «Израиль уулдарына» берилген Шаббат. Иудейлер үчүн ишемби сайын эс алуу — ыйык милдет. Диний себептерден улам Израилде ишемби расмий эс алуу күнү болуп эсептелет. Ал күнү бардык мамлекеттик мекемелер менен ишканалардын көпчүлүгү, ошондой эле коомдук транспорттор дагы иштебейт.
ЖЕКШЕМБИ. Христиан өлкөлөрүндө жекшемби майрам катары эсептелинет — ал күнү динге ишенгендер чиркөөгө барышат. Жекшемби христиандар үчүн «Кудай күнү» катары иудейлердин ишембисиндей мааниге ээ. Бул күнү көптөгөн христиан конфессияларында христиандарга иштөөгө болбойт же иштөөгө ылайыксыз күн катары эсептелинет.
ЖУМА. Жума намаз мусулмандар үчүн милдеттүү болуп эсептелинет. Мусулмандарга жума намазды себепсиз калтырууга болбойт. Жаратылыш кырсыктары (жер титирөө, катуу суук, көчкү жүрүү коркунучу ж.б.) учурунда гана жума намаз милдеттүү болбойт. Светтик салттар боюнча жума күнүнүн иш күн болуп эсептелиши жамаат менен намаз окубай коюууга себеп болбойт.
Автор: Бектур Искендер