Сочи-2014: Кыргызстандык Тимофеев 61-орунду ээледи

Кыргызстандык лыжачы Евгений Тимофеев Сочиде өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында 61-орунду ээледи. Жалпысынан лыжа спортунун бул түрү боюнча 109 спортчу жарышка түшкөн.

Тимофеев төмөнкү рейтингинен улам гигант слалом мелдеши боюнча биринчи түшүүсүндө 109 лыжачынын ичинен 100чү болуп жарышка түшкөн.

Аралыкты толук өтө албай калган спортчулардын санынын көп болгондугунан улам кыргызстандык спортчу марага жеткен 79 спортчунун ичинен 68-убакытты көрсөттү.

Бирок Тимофеевдин эч кандай көйгөйсүз марага жетишин эле чоң жетишкендик деп эсептесе болмок. Анткени спортчулар Сочидеги жарыш жолунун оор экендигине бир нече жолу даттанышкан. Марага жетпей калгандардын көп болгондугу да ушуну менен түшүндүрүлүүдө.

Кыргызстандык спортчу экинчи түшүүсүндө да ылдамдыгын жоготпостон, болжол менен биринчи жарышка түшкөнүндөгүдөй эле убакытта келип, финалдык квалификацияда дагы жети сапка көтөрүлө алды.

Тимофеевдин көрсөткөн жыйынтыгы Дмитрий Трелевскийдин 2010-жылы Ванкуверде өткөн Кышкы Олимпиадалык оюндарда көрсөткөн жыйынтыгынан кыйла эле жогору болду. Анда Трелевский гигант слалом мелдешинде 76-орунга ээ болгон.

Тагдырдын тамашасы менен Тимофеев Сочиде жүрүп жаракат алган Кыргызстандын курамасындагы Трелевскийди бир апта мурун эле алмаштырган.

Кыргызстандын тарыхында олимпиадалык гигант слалом боюнча эң жогорку көрсөткүч 2006-жылы Туринде өткөн кышкы оюндарга катышкан Иван Барисовго таандык, анда ал 41-орунга ээ болгон.

Тимофеев 22-февраль күнү Сочи олимпиадасында бул жолкусунан кыскараак — кадимки слалом мелдеши боюнча жарышка түшөт.

Автор: Тилек Бейшеналиев