Facebook WhatsAppты 16 млрд. долларга сатып алды

Facebook ири социалдык түйүнү ыкчам билдирүүлөр менен алмашууга арналган популярдуу WhatsApp сервисин 16 млрд. АКШ долларына сатып алды. Бул тууралуу социалдык түйүндүн негиздөөчүсү Марк Цукерберг билдирди.

Facebookка чыккан өзүнүн билдирүүсүндө анын компаниясы WhatsAppты адамдардын бири-бири менен болгон байланыштарын, пикир алмашууларын жеңилдетүү үчүн сатып алып жаткандыгын жазган.

«Биздин максат — дүйнөнү ачыгыраак жана тыгыз байланышта кылуу», — деп жазган Цукерберг өз баракчасына.

Ал WhatsAppтын мессенджери Facebookка көз каранды болбостон иштеп, бир нече жылдын аралыгында бүткүл дүйнөгө таралаарына ишендирди. Учурда WhatsAppтын колдонуучуларынын саны 450 миллиондон ашат.

Цукербергдин бул билдирүүсү социалдык түйүндүн колдонуучуларынын арасында түрдүү пикирлерди жаратты.

Кумар Чиранжив дүйнөнүн кайсыл гана атайын кызматы болбосун эми социалдык түйүн алардан дп көп маалымат агымына ээлик кылат деп эсептейт.

«Урматтуу Марк Цукерберг, сиз Facebook менен Instagramга, эми WhatsAppга дагы ээлик кыласыз. Негизинде эми сиз NSA [АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги], RAW [Индиянын изилдөө жана анализ бөлүмү], ISIдин [Илимий маалыттар институту] бардыгынын маалыматтарын кошкондон да көп маалыматка ээлик кыласыз», — деп жазгал ал пикир калтыруу бөлүмүнө.

Abhisek Das Best деген ысым менен катталган башка колдонуучу программисттер Facebook түйүнүнө жарнамаларды көп кошпойт деген үмүттө экенин билдирген.

«Анын эч кандай жарнамасыз, оюндарсыз жана кандайдыр бир куулуктары жок болушу сиздердин билдирүүлөр менен алмашуунун таза тейлөөсүн куруу милдеттенмелериңерди эске салып турмак. Мен Facebook негизги көңүлүн акылуу тейлөөлөрдү киргизип, жарнамаларды, түрдүү шилтемелерди жайгаштыруунун эсебинен кирешесин жогорулатууга бурбастан WhatsAppтын катышуучуларынын санын көбөйтүүгө басым жасайт деп үмүттөнөм», — деп жазган ал.

Facebook — Гарвардын мурунку студенти Марк Цукерберг тарабынан 2004-жылы негизделген дүйнөдөгү эң ири социалдык түйүн. Бүгүнкү күндө ал коомдук желе менен дүйнө жүзү боюнча бир миллиарддан ашык киши колдонот.

Автор: Тилек Бейшеналиев

Редактор: Нуржамал Жаныбекова