Тимофеев Сочи Олимпиадасындагы жарышы тууралуу: «Жыйынтык мени канааттандырды»

Гигант слалом мелдешинде 61-орунга ээ болгон кыргыз лыжачысы Евгений Тимофеев журналисттердин Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы аркылуу берилген суроолоруна жооп берди.

Маектин котормосу:

Басма сөз кызматы: Жарыштан кийин эмоционалдык жактан өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

Тимофеев: Жарыштан кийин көрүүчүлөрдөн өтө чоң энергетика сезилет. Негизинен бардыгы мен үчүн жана башкалар үчүн ушундай жакшы аяктагандыгына бактылуумун.

Басма сөз кызматы: Сочиде лыжа жолдорунун өтө татаал болгондугун айтып жатышат. Алардан кантип жаңылбай өтө алдыңыз?

Тимофеев: Ал үчүн көп жылдаган машыгуулар керек. Албетте жол мага толугу менен баш ийген жок. Ал өтө татаал, ийкемсиз жана тайгак болду. Эң татаал лыжа жолдорунун бири болду деп айтсам болот. Бардык татаал жолдорду багынтууга аракет кылабыз.

Басма сөз кызматы: Сиз өзүңүз көрсөткөн жыйынтыкка канааттандыңызбы же мындан да жакшы болушу мүмкүн беле?

Тимофеев: Албетте баарын мындан да жакшыраак кылса болмок, бирок бул менен алгачкы Олимпиадалык оюндарым болгондуктан жыйынтыкка канааттандым.

Басма сөз кызматы: Женя айтсаңыз, Кыргызстанда бардыгы сизге күйөрман болушуп, сиздин жарышка түшүүңүзгө көз салып тургандыктарын сезип жатасызбы?

Тимофеев: Албетте, анын бардыгы сезилет. Бул өлкөң үчүн жоопкерчилик да. Социалдык түйүндөрдө баары эле мени колдой тургандыктарын жазып жатышат. Сен албетте аны түшүнөсүң жана бардыгы сенден жакшы жыйынтык күтүп жаткандыгын билесиң.

Автор:  Гүлжан Турдубаева