Бишкек: Экс-мэр Өмүркуловго сейил бактын аянтын мыйзамсыз бекитүү боюнча айып тагылды

Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркуловго борбордун түштүгүндөгү Жеңиш сейил багынын аянтын мыйзамсыз бекитүү иши боюнча айып тагылды — бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Экс-мэрге Бишкектин түштүгүндөгү сейил багынын аянтын мыйзамсыз бекитүү менен кызмат абалын ашыкча пайдаланган деген айып тагылды. Ага каршы кылмыш иши буга чейин эле козголгон, бирок айып тагыла элек болчу.

Башкы прокуратура Өмүркулов ал чечими менен Жеңиш сейил багынын аянтын атайылап 16 гектарга кыскарткандыгын белгилөөдө.

«Экс-мэрди кылмыш жоопкерчилигине тартууга анын 2011-жылдын 3-октябрында өзүнүн кызматтык абалын ашыкча пайдалануу менен Жеңиш сейил багынын аянтын азайтып, чегин 33,92 гектар деп бекитүү тууралуу токтом түрүндө мыйзамсыз чечим кабыл алгандыгы негиз болду», — деп жазылган көзөмөлдөөчү органдын билдирүүсүндө.

Сейил багынын аймагынан чыгарылган жерлердин катарында кафе, ресторан жана май куюучу жайлар курулган тилкелер бар болгон. Эгер аталган тилкелер сейил багынын аянты боюнча калганда андагы курулуштардын бардыгы мыйзамсыз деп табылмак.

Эрежеге ылайык, сейил багынын аянтын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушу аркылуу гана азайтууга мүмкүн болчу

Өмүркуловдун өзү болсо ага карата тагылган айыптоолор менен макул эмес жана сейил бактын чегин «мыйзамдын чегинде» аныктагандыгын айтып жатат — бул тууралуу ал «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет басылмасына берген маегинде билдирген.

«Учурда менин юристттерим документтердин (Башкы прокуратуранын айыптоолору боюнча) үстүнөн иштеп жатышат, алар бардыгын такташат. Мен болжолдуу түрдө азырынча ушуну гана айта алам», — деген ал.

Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркулов кызматынан 2013-жылдын аягында, ага каршы кылмыш иши козголгондон кийин кеткен.

Мурунку калаа башчысы болсо өзүнүн кызматтан кетишин өз каалоосу менен ишмердүүлүгүн токтотуу катары түшүндүргөн жана аны козголгон кылмыш иши менен таптакыр байланыштырган эмес.

Өмүркулов Бишкектин мэри болуп 2010-жылдагы революциядан кийин дароо дайындалган. Ал мэр болуп турганда шаар тургундарынын арасында ага карата түрдүү пикирлер айтылып келген.

Сынчылар аны акчалардын изин жашырууга жана Бишкекте инфраструктуралык жакшыртуулардын жоктугуна айыпташса, анын тарапташтары 2013-жылы борбордо болуп көрбөгөндөн көп сандагы жолдордун оңдолгонун белгилеп келишет.