Депутаттар түштүктү калыбына келтирүү боюнча мамдирекция курган үйлөрдү текшеришет

«Республика» фракциясынан турган депутаттык топ 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуудан кийин Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан курулган турак-үйлөрдү текшерүү үчүн Ошко учуп кетишти.

Парламентарийлер тарабынан имараттарды өз алдынча текшерүү 2010-2011-жылдары учурдагы премьер Жантөрө Сатыбалдиев башкарып турган Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын дарегине айтылган сын-пикирлердин күчөшүнүн фонунда болууда.

24.kg маалымат агенттигинин Ош мэриясына шилтеме жасап билдиргени боюнча, «Республика» фракциясынын парламентарийлери учурда мамдирекция тарабынан курулган 5-6 объектини текшерип жатышат. Буга чейин мыйзам чыгаруу органынын жыйынында депутаттар тургузулган курулуштардын сапаты менен аларга жумшалган каражаттын бөлүштүрүлүшүнө карата нааразычылыктарын билдиришкен болчу.

Оппозициялык «Республика» фракциясы — Сатыбалдиев башында турган өкмөттүн жүргүзгөн саясатына кыжырдануусун көбүрөөк билдирген парламенттеги беш партиянын бири.

Буга чейин «республикачы» вице-спикер министрлер кабинетине каршы аны кетирүү маселесин кароо үчүн зарыл болгон 61 колдун 40кы топтолгондугун билдирген.

Курулган имараттардын сапаты менен курулуш иштерине бөлүнгөн каражатты көзөмөлдөө тууралуу маселе дагы бир оппозициялык «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Нарынбек Молдобаев башында турган депутаттык комиссиянын билдирүүсүнөн кийин өзгөчө курч мүнөзгө ээ болгон.

Алсак, Молдобаев мамдирекция Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүү үчүн мамлекет менен эл аралык коомчулук тарабынан бөлүнгөн каражатты начар жетектөөгө алып, көзөмөл жүргүзбөгөндүктөн 570 миллион сомдон ашык каражатты жоготкондугун билдирген.

Анда депутаттар Башкы прокуратурага мамдирекциянын жалдануучу компанияларга баасына туура келбеген сапаттагы үйлөрдү курууга жол берген чиновниктерине карата текшерүүнү баштоосун сунушташкан.

Комиссия төрагасынын билдирүүсү мамдирекциянын ишмердүүлүгүнүн парламент жыйынында каралышына да себеп болгон — анда депутаттар суроолоруна жооп алуу үчүн жыйынга Сатыбалдиевдин өзүн чакырышкан.

Анын жүрүшүндө премьер бөлүнгөн каражат үйлөрдүн курулушуна жана Кыргызстандын түштүгүндөгү инфраструктураны калыбына келтирүүгө жумшалгандыгын билдирип, прокуратура менен Эсеп палатасынын кайрадан текшерүүсүнө каршы эмес экендигин кошумчалаган.

Анткен менен бул парламентти ынандырган эмес жана ал мамдирекциянын ишмердүүлүгүн канааттандыраарлык эмес деп таап, көзөмөлдөөчү органдарга түштүктү калыбына келтирүүгө жооптуу болгон чиновниктердин ишине баа берүү жана эл аралык донорлор тарабынан бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышын текшерип чыгуу тапшырмасын беришкен.