Мектептерде “дин маданиятынын тарыхы” окутулат

Билим берүү жана илим министрлиги “дин маданиятынын тарыхы” деп аталган сабактын долбоорун иштеп чыгып, анын болжолдуу 2014-2015-окуу жылында мектептерде окутула башталаарын билдирди. Коомдун айрым өкүлдөрү мындай сабактын мектеп программасына киргизилүүсүн жарандардын мыйзамдык укугу десе, кээ бири таптакыр каршы.

Тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеровдун пикиринде, Кыргызстандын 70%дан ашыгы мусулман болгондондуктан алардын кызыкчылыктары көз жаздымында калбашы керек.

Табылды Акеров
Табылды Акеров

“Мен дин маданиятынын тарыхы сабагынын мектеп программасына киргизилишине каршы деле эмесмин. Кыргызстандын жетимиш пайыздан көбү мусулман болгондон кийин, менимче, ислам динин негиз алып, аны калган диндер менен салыштырып, анын жакшы жактарын киргизсе”,–деген оюн билдирди тарыхчы Акеров.

Акеров кошумчалагандай, ислам дининин жакшы жактарын делгенде, мисалы ата-эне менен баланын мамилеси, таалим-тарбия берүүчү жактары, адамдардын бири-бирине болгон мамилелерин жакшыртуу жагына көбүрөөк басым жасалышы керек.

“Бардык эле диндердин тарыхын окутуу - бул туура эмес. Мугалимдердин өздөрү да ар кайсы диний секталарга тиешеси бар болуп калышы мүмкүн. Алар мектептеги балдарга диндерин жайылтып салышы мүмкүн. Мына ушундай коркунучтар да бар. Натыйжада азыркы диний кырдаалды мындан да жаман абалга өзгөртүп жибериши мүмкүн”,–деп токтолду Акеров.

KLoop_Анарбек Усупбаев.jpg
Анарбек Усупбаев

“Манас Ордо” коомунун төрагасы Анарбек Усупбаев мектептерге дин сабагын киргизүүгө каршы болгондордун санын толуктайт. Ал мектептерге дин сабагын киргизүүнү “балдардын мээсин айлантуу” деп эсептейт.

“Мектепке эч качан дин сабагын киргизбеш керек. Андай сабактардын окутулушу балдардын мээсин айландыруу болуп эсептелет. Окуучулар мамлекеттик мектеп программасы менен гана окуш керек”,–деп билдирди Усупбаев.

Эгер мектепте окутса анда кыргыздардын үрп-адат, каада-салттарын окутуулары керек, деп кошумчалады ал.

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы этностор жана конфессиялар аралык өнүктүрүү коомдук эксперттик кеңешинин мүчөсү Дмитрий Кабактын пикири боюнча, бул сабак ар бир Кыргызстандын жаранынын диний ишеним кармануу укугу жана мында терс нерсе жок.

Kloop_Дмитрий Кабак.jpg
Дмитрий Кабак

“Бул сабактын идеясы көптөн бери талкууланып келет. Ар кандай диндердин, ишенимдердин бар экендиги тууралуу жарандардын көз караштарын калыптандырат – сабак катары жакшы, мен мындан оң гана нерсе көрөм”,–деген ою менен бөлүштү Кабак.

Кыргызстандын аймагында ар түрдүү жолдор, маданияттар жана ар кандай диндер болгон. Кыргызстандын өзүнүн тарыхы бар. Эгерде сабактар ушул өңүттө окутулса анда мен оң көз караштамын. Дмитрий Кабак

“Сабакты ким окутат жана канчалык деңгээлде этика маселесинде бейтарап болоору тууралуу, албетте, суроо пайда болбой койбойт. [...] Эгерде мугалим сабагынын алкагында өз диний ишенимин балдарга таңуулоого же жаюуга аракеттенсе, анда мындай иш-аракетке бөгөт коюлушу керек”,–деген тынчсыздануусун билдирди Кабак.

Кабак кошумчалагандай, балдардын диний ишениминин жана көз карашынын калыптанышында жок дегенде алардын ата-энелери катышышы керек жана башка кишилер бул жараянга кийлигишпөөсү үчүн билим берүү мекемелери ата-энелердин укуктарын коргошу керек.

Извините, в настоящее время нет доступных опросов. [divider]"ДИН МАДАНИЯТЫНЫН ТАРЫХЫНЫН" ДОЛБООРУ[/divider]

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үстүнөн иштеп жаткан “дин маданияты тарыхынын” долбоорунда айтылгандай, сабак төмөнкүдөй максатты көздөйт...

“Аталган концепцияны жүзөгө ашыруу динге ишенген жана динге ишенбеген адамдардын ортосундагы ишенбөөчүлүктөрдү нейтралдаштырууга шарт түзүп, өз ара ишенимди бекемдөө жолундагы алгачкы кадам болуп калат…”,–делет “дин маданиятынын тарыхынын” долбоорунда.

... жана үч баскычтан турат

Республиканын орто мектептеринде «Дин маданиятынын тарыхы» курсу үч баскыч менен окуп-үйрөнүү зарыл;

1) башталгыч баскыч (5-класс);
2) ортонку баскыч (6-9-класс);
3) жогорку баскыч (10-11-класс).

1. 5-класста «Дин маданиятынын тарыхы боюнча аңгемелер» курсу окутулат, жумасына 1 саат, жылына 34 саат.

2. 6-класста «Байыркы дүйнөнүн диний ишенимдери» курсу, жумасына 1 саат, жылына 34 саат.
3. 7-класста «Дүйнөлүк диндер» курсу, жумасына 1 саат, жылына 34 саат.
4. 8-класста «Ислам маданиятынын тарыхы» курсу, жумасына 1 саат, жылына 34 саат.
5. 9-класста «Кыргыз элинин дин маданиятынын тарыхы» курсу, жумасына 1 саат, жылына 34 саат.

6. 10-класстарда «Ааламдашуу доорундагы дүйнөлүк диндер» курсу, жумасына 1 саат, жылына 34 саат.
7. 11-класстарда «Азыркы Кыргызстандагы диндер» курсу, жумасына 1 саат, жылына 34 саат.

Долбоордо айтылгандай сабактын аталышы “дин маданиятынын тарыхы” деп толук түрдө чечиле элек жана ага карата альтернативдүү аталыштар сунуш кылынган.

Курстун төмөндөгүдөй альтернативдүү аталыштары да сунуш кылынат:
- «Дин маданиятынын негиздери»;
- «Дүйнөлүк диндердин маданиятынын негиздери»;
- «Дин жана жалпы адамзаттык баалуулуктар»;
- «Диний-маданий баалуулуктар».

Андан сырткары долбоор менен таанышканда, мындай сабак мектеп окуучулары менен эле чектелбестиги, анын жогорку окуу жайларда да окутулушу мерчемделгенин байкоого болот.

“Диндин кыйла татаал деңгээлдеги теориялык-методологиялык, философялык-этикалык, тарыхый аспектилерин камтыган «Дин таануу» предмети, республиканын жогорку окуу жайларында окутуу сунуш кылынат”,–деп айтылат сабактын долбоорунда.

Бул сабактын окутулушуна сиздин ой-пикириңиз кандай? Төмөнкү форма аркылуу пикириңизди билдирсеңиз болот.