Нарын облусу: Уруп-согууга айыпталып жаткан милиционерлерге сотто өрт коюшкан

Сотто жабырлануучунун туугандары Жумгал районунун тургунун сабаган деп айыпталып жаткан үч милиция кызматкерине бензин чачып, өрттөп жиберишти — бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМдин)басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлеринин үстүнөн сот процесси 20-февралда Жумгал райондук сотунун имаратында өткөн — алар өткөн жылдын декабрында болжолдуу түрдө ур-токмоктон улам каза болгон делинген жергиликтүү тургун Айбек Мамбеталиевди сабаган деп айыпталып жатышкан.

Мамбеталиевдин иштин каралышына нааразы болгон туугандары сот залындагы тосмо ичинде отурган милиция кызматкерлерине бензин чачып, өрттөп жиберишкен.

От жалбырттап күйүп баштаганда жабырлануучуларды сыртка алып чыгышып өрттү өчүрүшкөн.

Бирок жергиликтүү укук коргоо органдары айыпталуучуларды жабырлануучунун туугандары тарабынан жасалган зомбулуктан коргой алышкан эмес — айыпталып жаткан милиционерлердин бири ур-токмокко алышып, экинчисин белгисиз тарапты көздөй алып кетип калышкан.

«Акыркы маалыматтар боюнча Р.Токтогулов бейбаштык кылып артынан кубалап жүргөн кишилерден кутулуп, Жумгал суусунун боюна качып кеткен. Үчүнчү кызматкер Ч.Баялиевди Жумгал РИИБсинин өкүлү өзү менен кошо алып кете алган», — деп билдирүүдө ИИМдин басма сөз кызматы.

Өрт коюу менен ур-токмокко алуунун жыйынтыгында учурда айыпталып жаткандардын экөөсүнүн абалдары оор, ал эми үчүнчү милиция кызматкеринин кайсыл жерде экендиги азырынча белгисиз бойдон калууда.

24.kg маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, жараат алган айыпталуучулар Жумгал районунан Бишкекке алынып келинишкен.

Учурда Нарын облустук ИИБси менен Жумгал РИИБсинин кызматкерлеринен турган ыкчам топ окуянын чоо-жайын териштирүүнүн үстүндө иштеп жатышат.

Үч милиция кызматкери 2013-жылдын декабрында болжолдуу түрдө ур-токмоктон улам каза болгон делинген жергиликтүү тургундун «саламаттыгына атайылап зыян келтиришкен» жана «Кызмат абалдарын ашыкча пайдаланышкан» деп айыпталып жатышкан.