Сотто милиция кызматкерлерине өрт койгондорго каршы кылмыш иши козголду

Нарын облусунда өтүп жаткан сот процессинин маалында уруп-сабоого айыпталып жаткан милиция кызматкерлерине өрт коюууга тиешеси барларга каршы кылмыш иши козголду — бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Нарын облусунун Жумгал районунда өтүп жаткан соттук процесс маалында милиционерлерге өрт коюп, аларды ур-токмокко алууга тиешеси барлар «мыйзам алдында жооп беришет» — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов билдирди.

«Кылмыш иши козголду. Жаракат алгандар экинчи даражадагы күйүккө кабылышкан, абалдары туруктуу», — деди ал.

Жергиликтүү тургун Айбек Мамбеталиевди ур-токмокко алган деп айыпталып жаткан үч милиционерге өрт коюуу 20-февралдагы сот процессинин маалында болгон — айыпталуучулар тарабынан ур-токмокко кабылгандан соң каза болгон делинип жаткан Мамбеталиевдин туугандары өз нааразычылыктарын билдиришип, милиция кызматкерлерине бензин чачып, өрт коюшкан.

Күзөттө тургандар өрттү өчүрүүгө жетишишкен, бирок алар айыпталып жаткан милиционерлердин бардыгын тең Мамбеталиевдин туугандары тараптан жасалган зомбулуктан куткарып кала алышкан эмес — жергиликтүү тургундар бир милиция кызматкерин сабашып, экинчисин белгисиз тарапты көздөй алып кетип калышкан.

Ур-токмокко алуунун жыйынтыгында эки милиция кызматкери оор жаракат алышып, Нарын облусунан Бишкекке алынып келинишкен. Азырынча алардын үчүнчүсүнүн касыл жерде экендиги белгисиз — окуянын күбөсүнүн айтымында, аны сууга таштап салган болуулары мүмкүн.

«Сабап, сууга таштап салышкан»

Өрт коюуудан улам жабыр тарткан милиция кызматкери Жоомарт Сыдыков Ички иштер министрлигинин (ИИМдин) алдындагы ооруканага жеткирилген. Анын бир тууганы Аскарбектин айтымында, бүгүн күндүз аны төртүнчү шаардык ооруканага жаткырышкан.

«Абалы өтө оор. Анын баш сөөгү чайкалып, кабыргасы сынып, буту кокустап, денесинин 30-40 пайызы күйүп калган. Бети шишип, колунан кан агып жатат», — деди жабыр тарткан милиция кызматкеринин бир тууганы Kloop.kgге берген маегинде.

Ал ур-токмокко алышып, Көкө-Мерен дарыясына таштап салышкан берки милиционердин денеси дагы деле табыла электигин кошумчалады.

«Министрдин [ички иштер министринин] орун басары буга тиешеси барлардын бардыгы тең кармалып, өз жазаларын ала тургандыктарын айтты», — деди Аскарбек Сыдыков.

Милиция кызматкерлеринин үстүнөн сот процесси 20-февралда Жумгал райондук сотунун имаратында өткөн — алар өткөн жылдын декабрында болжолдуу түрдө ур-токмоктон улам каза болгон делинген жергиликтүү тургун Айбек Мамбеталиевди сабаган деп айыпталып жатышкан.

«Соттун имаратынын алдына 150гө чукул адам чогулган. Куралсыз 12 милиция кызматкеринен турган күзөттү ур-токмокко алышкан, а менин бир тууганым Жоомарт Сыдыковду кошуп берки эки милиционерге бензин чачып, өрт коюшкан. Ага тиешеси барлардын эч кимиси кармала элек», — деп билдирди жабыр тарткан милиция кызматкеринин бир тууганы.

Бул Мамбеталиевдин өлүмү боюнча иштин алкагында айыпталуучулардын үстүнөн өтүп жаткан экинчи соттук процесс болчу.

Автор: Айшоола Айсаева