Сочи-2014: Тимофеев слалом мелдеши боюнча 41-орунга ээ болду

Кыргызстандык тоо лыжа спортчусу Евгений Тимофеев татаал лыжа жолу аркылуу марага жетип, Сочидеги Кышкы Олимпиада оюндарында слалом мелдеши боюнча 41-орунга ээ болду.

Бул кыргызстандык спортчулардын тарыхта Кышкы Олимпиадалык оюндарда тоо лыжасынын кайсы гана түрүндө болбосун мыкты 50 лыжачынын катарына кирген экинчи учур. Ал эми слалом мелдеши боюнча тарыхтагы биринчи учур болуп калды.

Евгений Тимофеев бүгүн бийиктиктен эң жай түшкөн лыжачылардын бири болду, бирок ошол эле маалда Сочидеги кооптуу жана татаал лыжа жолдорун басып өтө алган туруктуу спортчулардын жарымынын катарына кошула алды — жалпысынан эки түшүүнүн жыйынтыгы боюнча, мелдешке катышкан 117 лыжачынын 45и гана марага жете алышкан.

Кыргызстандык спортчу биринчи түшүүсүндө 73чү, ал эми жыйынтыктоочу экинчи түшүүсүндө 43чү убакытты көрсөттү.

Бирок мелдеш жыйынтыкталгандан көп өтпөй эки атаандашынын оюндан чыгарылгандыгынан улам Тимофеев дагы эки сапка жогору көтөрүлүп, 41-орунга ээ болду.

Үч күн мурун ал гигант слалом мелдеши боюнча жарышта марага 61чи болуп келген.

Тимофеев өзүнүн Олимпиадага катыша тургандыгын 12-февралда гана — Сочидеги оюндар кызып калганда билген.

19 жаштагы кыргызстандык спортчу машыгуу маалында жаракат алган мекендеши Дмитрий Трелевскийди тез аранын ичинде алмаштырууга аргасыз болгон.

Тагдырдын тамашасы менен Тимофеевдин көрсөткөн жыйынтыгы Дмитрий Трелевскийдин 2010-жылы Ванкуверде өткөн Кышкы Олимпиадалык оюндарда көрсөткөн жыйынтыгынан кыйла эле жогору болду. Анда Трелевский гигант слалом мелдешинде 76-орунга ээ болуп, жөнөкөй слаломдо марага жетпей калган.

Кыргызстандын тарыхында олимпиадалык тоо лыжа спорту боюнча эң жогорку көрсөткүч 2006-жылы Туринде өткөн кышкы оюндарга катышкан Иван Барисовго таандык, анда ал 41-орунга ээ болгон.

Автор: Бектур Искендер