Куткаруучулар үч күндөн бери уруп-согууга айыпталып жаткан милиция кызматкерин издөө иштерин улантып жатышат — Жумгал райондук сотундагы отурумда жабырлануучунун туугандары ага өрт коюшкан болчу. Версиялардын бири боюнча, ал жабырлануучунун тергөөнүн жүрүшүнө нааразы болгон туугандары тарабынан дарыяга ыргытылган.
20-февраль күнү каза болгон жергиликтүү тургун Айбек Мамбеталиевдин туугандары Жумгал райондук сотундагы отурумдун жүрүшүндө айыпталуучуларды өкүмсүз жазалоого барышкан. Алар Мамбеталиевди ур-токмокко алууга айыпталып жаткан үч милиция кызматкерине өрт коюшкан.
Ал окуядан кийин айыпталып жаткан милиционерлердин бири дайынсыз жоголуп кеткен. Версиялардын бири боюнча, аны каза болгон жергиликтүү тургундун туугандары дарыяга ыргытып жиберишкен.
Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов Kloop.kgге берген маегинде азырынча жоголуп кеткен милиция кызматкеринин чынында эле дарыяга ыргытылган-ыргытылбагандыгы белгисиз экенин билдирди.
«Ал өкүмсүз жазалоодон дарыяны көздөй качып кеткен. Аны дагы деле издеп жатышат. Азырынча эч нерсе так белгисиз. Аны сууга ыргытып жиберишкен деген маалымат да бар», — деди басма сөз катчы.
Анын айтымында, азырынча издөө иштери эч кандай натыйжа бере элек.
«Биз аны табууга үмүттөнүп жатабыз. Жаңы маалыматтар жок», — деп кошумчалады Абдраимов.
20-февраль күнү Мамбеталиевдин туугандары соттук отурум маалында өкүмсүз жазалоого барышып, айыпталуучуларга бензин чачып, өрт коюшкан.
Күзөттө тургандар өрттү өчүрүүгө жетишишкен, бирок алар айыпталып жаткан милиционерлерди Мамбеталиевдин туугандары тараптан жасалган зомбулуктан куткарып кала алышкан эмес.
Жыйынтыгында айыпталып жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлери жаракаттарды, түрдүү даражадагы күйүктөрдү алышкан. Учурда алар ооруканада.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Өрт коюуудан жаракат алган милиция кызматкерлеринин бири учурда Ички иштер министрлигинин алдындагы ооруканада жатат.
Ал милиционерлер болжолдуу түрдө алардын уруп-согууларынан улам каза болгон делинип жаткан Мамбеталиевди ур-токмокко алышкан деп айыпталып жатышат.
Автор: Шахида Дүйшеева