Баткенде мыйзамсыз көмүр казган ишкана аныкталды

Эки жылдан бери көмүр кенин казып жүргөн “Жаны-Доор” ишканасынын, жергиликтүү укук коргоо бөлүмүнүн колдоосунун алдында жүргүзүп келген мыйзамсыз иши аныкталып, аларга кылмыш иши козголду.

Антикоррупциялык кызматынын маалымдашынча, “Жаны Доор” ишканасы Кадамжай районуна караштуу Бел Алма көмүр кенинде, жасалма лицензия менен 2012-жылдын башынан тарта көмүр казып келген.

“Аталган ишкана жергиликтүү укук коргоо бөлүмү менен биргеликте Бел Алма көмүр кенинен көмүр казып, аны уурдоо схемасын иштеп чыккан. Көрсөтүлгөн убак ичинде 45 миллион сомдон ашуун суммада көмүр казып алынган”,-делет Антикоррупциялык кызматынын билдирмесинде.

Учурда бул факт боюнча "Мыйзамсыз ишкердик", "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалангандык" жана "Жасалма мөөр, бланка, штамп, мамлекеттик сыйлыктар жана документтерди жасоо, даярдоо, өткөрүү жана колдонуу" беренелери менен кылмыш иши козголду.

Антикоррупциялык кызмат тарабынан табылаган коррупциялык схема
Kloop_Screen Shot 2014-02-25 at 17.jpg