ИИМ: Сот жообуна тартылып жаткан милиционерлерге өрт коюуу боюнча 14 киши кармалды

Милиция Жумгал райондук сотунда үч милиционерге өрт коюууга шектүү 14 адамды кармады. Кармалгандардын туугандары ИИМдин берген маалыматтарын четке кагып, 25тен ашык киши кармалгандыгын айтып жатышат.

Жумгал райондук сотундагы отурум маалында сот жообуна тартылып жаткан милиция кызматкерлерине өрт койгон деген шек менен кармалган 14 адамдын 10ну эки айлык мөөнөткөн камакка алынышты.

«Кармалгандарга карата адам өлтүрүү үчүн кол салуу, сот адилеттигин орнотууга тоскоолдук кылуу, бийлик өкүлүнө каршы зомбулук көрсөтүү, атайылап мүлктөрдү зыянга учуратуу же талкалоо айыптары тагылды», — деп билдирүүдө басма кызматы.

Kloop.kgге кармалгандардын туугандары 25тен ашык кишинин камакка алынганын билдиришти. Айтымдарында, алардын айылдаштары «негизсиз» кармалышкан.

«Биз каза болгон баланын кошуналарыбыз. Соттун эртеси менин баламды алып кетишти. Ал эч кимди өрттөгөн эмес. Биз сот залынан ал окуя болгонго чейин эле чыгып кеткенбиз», — деди айыл тургуну Зарипа Бооронбаева.

Өз кезегинде милиция кармалгандардын туугандары мындай билдирүүлөрү менен коомчулукту адаштырууга аракет кылып жатышат деп билдирди.

Жумгалдагы милиция кызматкерлерине өрт коюуу

20-февраль күнү каза болгон жергиликтүү тургун Айбек Мамбеталиевдин туугандары Жумгал райондук сотундагы отурумдун жүрүшүндө алардын айылдашын өлтүргө деп айыпталып жаткан үч милиция кызматкерине өрт коюшуп, аларды ур-токмокко алышкан.

Учурда эки милиция кызматкери жаракаттары, түрдүү даражадагы күйүктөрү менен ооруканада жатышат. Азырынча үчүнчү милиционердин кайсыл жерде экендиги белгисиз — болжолдуу түрдө аны Мамбеталиевдин нааразы болгон туугандары дарыяга ыргытып жиберишкен.

Мамбеталиевдин тай эжеси Kloop.kgге берген маегинде анын бир тууган сиңдиси, каза болгон баланын апасы соттук отурумга күйүүчү аралашмалар куюлган бөтөлкөлөрдү алып келгендигин көргөндүгүн мойунуна алды.

«Ооба, биз анын [күйүүчү аралашмалар куюлган бөтөлкөлөрдү] алып келгендигин ырастайбыз. Бирок анын ордунда болгондо ким болбосун ошондой кадамга бармак», — деди ал.

Өз кезегинде ИИМ өкүмсүз жазалоо жана тирүү адамга өрт коюуу «акылга сыйбай турган нерсе» экенин билдирди.

«Бул кылмыштын акылга сыя турган же жалпы кабыл алынган нормалар менен эч кандай байланышы жок. Мындай оор кылмыштарды адамзаттык морал жактан актоого таптакыр болбойт», — деп билдирди бүгүн ИИМдин басма сөз кызматы.

Милиция учурда өрт коюуу боюнча тергөө улантылып аткандыгын жана тергөө иштери менен Нарын облустук ички иштер башкармалыгы алектенип жаткандыгын кошумчалады.

Автор: Айзирек Алмазбекова