Жол кайгуул кызматынын айдоочуну коркуткан тескөөчүсүнө карата сөгүш жарыяланышы мүмкүн — бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кызматтык теришитүүлөрдү баштап, эгер мекеме кызматкеринин кайсыл бир эрежелерди бузгандыгы аныктала турган болсо аны жазалай тургандыктарын убадалады.
«Жол кайгуул кызматынын кызматкери этиканы бузуп жатса албетте кызматтык териштирүү жүргүзүлөт жана ал боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт», — деди басма сөз кызматтын өкүлү Тилек Оторов.
Жол кайгуул кызматынын тескөөчүсү 21-февраль күнү жол эрежесин бузду деген жүйө менен Бишкекте айдоочулардын бирин токтоткон — бул тууралуу видео интернетте 24-февраль күнү пайда болду.
Ал видеого милиционердин унааны эмне себептен токтоткондугун айтуудан баш тартып, айдоочунун айдоочулук күбөлүгүн тартып алуу менен камака ала тургандыгын айтып коркутуп жаткандыгы тартылып алынган.
Өз кезегинде мекеменин басма сөз кызматы унаасы токтотулганда айдоочу өзү да эреже бузгандыгын билдирүүдө.
«Биринчиден, унаа каражаты токтотулганда ал экинчи катарга токтоткон. Экинчиден, ал милиция кызматкерлеринин талаптарын аткарган эмес. Үчүнчүдөн, айдоочу тараптан да адепсиз сөздөр айтылган», — деди Оторов.
Ал айдоочуга карата административдик протокол түзүлгөндүгүн жана ал дагы жоопкерчиликке тартылаарын кошумчалады.
Автор: Нурия Рыскулова