Видео: Жол кайгуул кызматынын тескөөчүсү айдоочуну коркутууда

Бишкек шаарынын тургундарынын бири интернетке Жол кайгуул кызматынын тескөөчүсү унааны эмне себептен токтоткондугун айтуудан баш тартып, айдоочуну камай тургандыгын айтып коркутуп жаткандыгы тартылган видеону жайгаштырган.

Айдоочу менен Жол кайгуул кызматынын тескөөчүсүнүн ортосундагы талаш-тартыш 21-февраль күнү Юнусалиев жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Милиция кызматкери унааны эмне себептен токтоткондугун айтуудан баш тартып, эгер айдоочу унаасынан чыкпаса камакка ала тургандыгын айтып коркутуп баштаган.

Айдоочу унаадан чыгуудан баш тарткандан кийин тескөөчү анын айдоочулук күбөлүгүн күч менен тартып алган.

Айдоочунун айтымында, милиция кызматкери унааны айып жайга алып кетип, бирок унаанын алынгандыгы тууралуу протокол толтуруп, беришкен эмес.