Алдамчылыкка айыпталган Чек ара кызматынын мурунку башчысы акталды

Аскер сотунун Бишкек гарнизону тарабынан Чек ара кызматынын пенсияга байланышкан алдамчылыктарга айыпталып жаткан мурунку төрагасы Курманакун Матенов акталды.

Матеновго карата актоо өкүмүнүн чыгарылышына анын келтирилген зыянды толугу менен төлөп бергендиги себеп болгон — бул тууралуу «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы жазган.

Чек арачылардын мурунку башчысы пенсиясына 400 миң сомдон ашык кошумча төлөмдү мыйзамсыз алган деп айыпталып жаткан.

Матеновдун өзү айыптоолордун бардыгын четке кагып, Аскер прокуратурасында аны алдамчылыкка айыптоо үчүн эч кандай далилдердин жоктугун билдирүүдө.

Өз кезегинде мамлекеттик айыптоочулар өкүм боюнча жогорку баскычтагы сотко даттанууга даярданып жатышат.

Алгач Чек ара кызматынын мурунку башчысы жетекчилик ордунан убактылуу четтетилген, андан соң президент Алмазбек Атамбаев тарабынан кызматынан алынган болчу.

Учурда Чек ара кызматын Раимберди Дүйшөнбиев жетектейт.