Парламент комитети Кара-Балтадагы кытай заводунун ишин текшерет

Парламенттин профилдик комитети Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү кытай заводуна байланышкан айлана-чөйрөнү булгоо маселелеринин айланасындагы кырдаалды текшерип чыгышы керек. Ишкананын жумушу жергиликтүү тургундардын бир нече жолку даттанууларынан кийин убактылуу токтотулган.

Депутаттар парламенттин бүгүнкү жыйынында «Жунда» кытай заводунун ишмердүүлүгү жөнүндөгү маселени көтөрүп чыгышты. Талкуулардын жыйынтыгы менен парламенттин профилдик комитети мунай иштетүүчү заводго байланышкан айлана-чөйрөнүн булгануусу маселесин иликтеп чыгат.

Акыркы жылдары Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү ишкананын айлана-чөйрөнү булгап жаткандыгына нааразы болгон жергиликтүү тургандардын даттанууларын жаратып келет. Алар үстүбүздөгү айдын ичинде эле ишкананын ишмердүүлүгүнө байланышкан эки митинг өткөрүшкөн.

Мезгил-мезгили менен өтүп турган нааразычылык акциялары заводдун ишинин токтошуна жана анын ишин текшерүү боюнча өкмөттүк комиссиянын түзүлүшүнө алып келген.

Бир катар парламентарийлер өзүнчө депутаттык комиссия түзүүнү сунушташкан, бирок парламент заводдо кандайдыр бир көйгөйлөр пайда болгонго чейин комиссия түзбөй тууруу чечимине келди.

«Келгиле заводдун иштешине урусат беребиз, а андан кийин эгер көйгөлөр болсо парламенттик комиссия түзөбүз», — деди депутат Туратбек Мадылбеков.

«Жунда» кытай заводу  — Кыргызстандагы мунай иштетүүчү борборлордун алгачкыларынын бири. Анын крулушу 2009-жылы эле башталган жана бийликтегилер билдирип жаткандай, заводдун салык катары өлкө казынасына жылына 5 млрд сом которуп тураары күтүлүүдө.

Кыргызстан ал каражат менен америкалык Транзиттик жүк ташуу борбору чыгарылгандан кийин пайда болчу жоготуулардын бир бөлүгүн толуктоону көздөп жатат.

Кытай заводунун иши жергиликтүү тургундардын мунай иштетүүчү завод тараптан келип жаткан жагымсыз жыттар жана саламаттыктарынын начарлап жаткандыгы боюнча бир нече жолку даттанууларынан кийин өкмөт тарабынан убактылуу токтотулган болчу.

Компаниянын өзү болсо заводдун жергиликтүү тургундарга эч кандай зыян келтирбестигин жана алардын дарегине айтылып жаткан экологиялык дооматтардын негизсиз экендигин бир нече жолу билдирген.

Автор: Айзирек Алмазбекова