Жактоочу соттолгон экс-министр Сабировду мунапыс менен бошотууну талап кылууда

Мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров Адам укуктары боюнча декларациянын 65 жылдыгына карата мунапыс менен бошотулушу керек. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди. Айыптоочу тарап мунапыстын кызматтык кылмыштар үчүн колдонулбастыгын билдирүүдө.

Сабировдун жактоочусу Нина Зотова журналисттер менен болгон жолугушуусунда экс-министр президент тарабынан үстүбүздөгү жылдын январынын соңунда кол коюлган Адам укуктары боюнча декларациянын 65 жылдыгына карата мунапыс менен бошотулушу керектигин билдирди.

Жактоочунун айтымында, ал пара алгандыгы үчүн соттолгон мурунку министрди бошотуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кат жөнөткөн. Бирок көзөмөлдөөчү органдан ал мунапыс Сабировдун кылмышы үчүн колдонулбай тургандыгы жазылган жооп келген.

«[Мунапыс] кызматтык кылмыштарга барган адамдарга карата колдонулбайт», — деп жазган прокурор Рустам Нурбеков Зотовага жазган жообунда.

Өз кезегинде жактоочу мунапыс менен бошотуудан баш тарткан прокурордун аракети боюнча сотко кайрылды.

Жактоочу ал жактоого алган чиновникти Кылмыш кодексинен алынып салынган 310-берене боюнча айыптагандыктарын кошумчалады.

«Сабировду Кылмыш кодексинин 310-беренеси менен каралган «сыйакы катары пара алуу» боюнча күнөлүү деп табышкан. А ал берене Кылмыш кодексинен 2012-жылдын августунда алынып салынган», — деди Зотова.

Башкы прокуратура соттолгон мурунку министрдин жактоочусунун билдирүүлөрү боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Сабиров менен анын жардамчысы Тахир Мирзакмедовго каршы кылмыш иши 2012-жылдын июлунда козголгон. Экс-министрге каршы кылмыш ишинин козголушуна жардамчысы Мирзакмедовдун параны жетекчиси үчүн талап кылгандыгы тууралуу берген көрсөтмөсү себеп болгон.

Равшан Сабиров 2013-жылдын 7-мартында мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 5 жылга эркинен ажыратылган. Ал жаза мөөнөтүн 310-берене боюнча катаал режимдеги №47 абакта өтөп жатат.

Автор: Дарина Манасбекова