Атамбаев Ураинанын жаңы бийлигине улуттар аралык каршылашуудан алыс болуу кеңешин берди

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Украинадагы бийлик алмашууга байланыштуу алгачкы билдирүүсүн жасады — өлкө башчысы Украинанын жаңы бийлигине улуттар аралык каршылашуудан алыс болуп, жарандардын кызыкчылыгын эске алуу кеңешин берди.

Бул Украинада Евромайдан башталгандан берки Атамбаевдин алгачкы билдирүүсү. Президент Киевде болгон окуялардын натыйжасында каза тапкан адамдардын туугандарына көңүл айтты.

«Украина эли биримдигин сактап, бардык кыйынчылыктарды жеңет деп ишенебиз. Өз мезгилинде Бакиевдердин үй-бүлөлүк кандуу режиминин башкаруусунун соңунда Кыргызстан да ушул өңдүү сыноолорду баштан кечирген», — деп билдирди президент.

Ал Украинанын жаңы бийлиги учурда демократияны калыптандыруу жана өлкөдө элдик бийликти орнотууга чоң жоопкерчилик менен баруулары керектигин кошумчалады.

«Мындай татаал учурда өлкөнүн тагдыры үчүн жоопкерчиликти мойнуна алган украиналык саясатчыларга зор милдет жүктөлөт. Алар жалпы Украина элинин кызыкчылыгын эске алып, ички саясый тирешүүдөн, айрыкча улуттар аралык каршылашуудан  алыс болууга тийиш.» , — деп кеңешин берди Атамбаев.

Президент Украина менен Кыргызстандагы бийлик алмашууну окшоштурду. Ал Кыргызстан революциядан кийинки кыйынчылыктарды эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен колдоосунда жеңгендигин билдирди..

«Украинанын эл аралык өнөктөштөрү өз ниеттеринде жана аракеттеринде ырааттуу болуп, кырдаалдан чыгууга реалдуу жардам көрсөтөөрүнө терең ишенебиз», — деп билдирди Атамбаев.

Украинада президент Виктор Януковичти кызмат алабын ашыкча пайдаланып жатат деп айыпташып, анын Орусияга ыктаган саясатына нааразы болгон евроинтеграциянын миңдеген тарапташтары тарабынан уюштурулган митингдерден кийин бийлик алмашуу болгон.

Оппозиция менен украин полициясынын ортосундагы кандуу кагылышуулардын жыйынтыгында 100дөн ашык киши каза тапкан.

Учурда Януковичтин кайсыл жакта экендиги белгисиз — ал кетээринде мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү жана парламенттин ыйгарым укугун күчөтүүнү колдой тургандыгын билдирген.

Автор: Нуржамал Жаныбекова