«Дарыгерди сабаган» депутатка каршы кылмыш иши козголду

Улуттук госпиталдын дарыгеринин ур-токмокко алынышына байланыштуу парламентарий Нурбек Мурашевге каршы кылмыш иши козголду — бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Кылмыш иши 26-февраль күнү Кылмыш кодексинин 234-беренеси менен каралган топ адамдар тарабынан жасалган бейбаштыктын белгилеринин негизинде козголгон. Депутат Улуттук госпиталдын дарыгери Жамал Тургунбаевди сабаган деп шектелүүдө.

«Мурашев менен анын тууганы Мамбеталиев [...] адепсиз сөздөрдү айтып, анын [дарыгердин] денесинин ар кайсы бөлүгүнө соккуларды узатышкан. Денесине келтирилген жаракаттардан улам Тургунбаев Улуттук госпиталга жаткырылган», — деп билдирди Башкы прокуратура.

Учурда кылмыш иши менен Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы алектенип жатат.

Депутат менен дарыгердин ортосундагы чырдын чыгышына эл өкүлүнүн Улуттук госпиталда дарыланып жаткан тууганына көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамга нааразы болгондугу себеп болгон.

Депутаттын бир тууганынын жубайы Алтынай Арстанбек кызы Улуттук госпиталга 13-февраль күнү «сасык тумоодон кийинки арахноидит» диагнозу менен жаткырылган. Ал жактан ал  аспирациондук синдромго туш болуп, кийин эс-учун жоготуп комага түшкөн да ошол бойдон эсине келбей көз жумган.

Мурашев тарап дарыгер менен эл өкүлүнүн ортосунда чынында эле кайым айтышуу болгонун мойуна алып, бирок ал оозеки айтышуу менен гана чектелгендигин айтып, далилдөөгө аракет кылууда.

Буга чейин Мурашевдин кеңешчиси Улугбек Мырзамамытов ур-токмокко алуу боюнча айтылган айыптоолорду «жалган жалаа» деп атаган.

«Бул депутаттын дарегине бир тараптуу айтылган жалган жалаа. Таптакыр андай болгон эмес. Жамалбек Жумадиловичти [дарыгер Турганбаевди] эч ким сабаган эмес», — деген Мырзамамытов Kloop.kgге берген маегинде.

Бирок госпиталдын аты-жөнүн билдиргиси келбеген дарыгери бөлүм башчынын сабалышы «топтолгон көп» күбөнүн көзүнчө болгонун билдирген.

Бул жерде ал депутатты бөлүм башчы гана эмес, бул жердеги топ адамдын бардыгы – дарыгерлер дагы, медициналык кызматкерлер да, бейтаптар да көрүшкөн. Тана берет да», — деген ал.

Автор: Айрин Абдракманова