Хоккей боюнча Азиянын Чакыруу кубогу: Кыргызстан 6:2 Индия

Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы экинчи беттешинде алты шайба киргизип,  өз дарбазасына экини коё берип Индия курамасынын үстүнөн жеңишке жетти.

Кыргызстандын хоккейчилери Сингапурду уткандан кийин  26-февралда Индия командасы менен беттешти. Индиялык хоккейчилер буга чейинки оюнунда Макао курамасына каршы ойноп 12:0 эсебине утулуп калган болчу.IMG_8068_1Кыргызстандын Индия менен болгон беттешинин алгачкы бөлүгү активдүү мүнөздө өттү — индиялык хоккейчилер Сергей Шаверневдин машыктыруусундагы кыргызстандык хоккейчилерге каршы топтоштурулган чабуулдарын жасады.IMG_7995Анткен менен биринчи бөлүктүн 13 мүнөтүнөн кийин Кыргызстан курамасы демилгени өз колуна алып беттештеги алгачкы шайбасын киргизе алды.IMG_ise-hokeyБул эсеп биринчи жыйырма мүнөттүк аяктаганга чейин кармалып турду.IMG_8104_1Тирешүү тыныгуудан кийин беттештин экинчи бөлүгүндө уланды — кыргыз хоккейчилери активдүү чабуулга өтүшүп, Индия курамасынын дарбазасына дагы эки шайба киргизишти.IMG_8135_1Индия бир шайбасы менен жооп берди.IMG_8028_1Оюндун үчүнчү бөлүгү Кыргызстанга дагы үч упай алып келди. 17 жаштагы Дуулат Абышев менен Уран Турсунбековдун бири-бирин түшүнүп ойногондору өзгөчө көзгө урунду — биргелешкен аракети менен алар эки шайба киргизишти.IMG_7896_1Индия коргонуу өңүтүнө ыктап бир гана шайба киргизүүгө жетишти.IMG_8201_1Оюн 6:2 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктады.IMG_7817_1Индия курамасынын машыктыруучусу Адам Шерлип өз командасынын жеңилишин Макао курамасынан ири эсепте жеңилгенден кийинки оюнчуларынын толкундануулары менен түшүндүрдү.

«Бүгүнкү беттеште биз кышы бою үйрөнгөн нерселерибизге ыкылас коюн ойноого аракет кылдык. Биздин штаб балдардын психикасын бекемдеп, алардын толкундоолорун жоготууга аракет кылды», — деди Шерлип Kloop.kgге берген маегинде.

Шерлип менен болгон маектин толук версиясы:

Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу Сергей Шавернев Kloop.kgге оюн эсебине карабастан Индия Кыргызстан үчүн «анча деле алсыз эмес атаандаш» экенин айтты.

«Ооба, биз муз үстүндө жүрүү, клюшка менен иштөө жана шайбаны ыргытуу боюнча күчтүүбүз, бирок Индияда — абдан чоң каалоо бар. Алар бүгүн жакшы оюн көрсөтүштү», — деди машыктыруучу.

Шавернев менен болгон маектин толук версиясы:

Гол кирген учурлар:

Учурда Кыргызстан Сингапур менен Индиянын үстүнөн болгон жеңиштеринин аркасында жалпы тизмекте биринчи орунда.

Бүгүн, 27-февралда кыргыз хоккейчилери мелдеш тизмегинде экинчи орунда турган Макао курамасы менен беттешет.

Азиянын Чакыруу кубогунун ээси эң алсыз деп эсептелген биринчи дивизиондон Азиянын күчтүү 17 командасынан турган экинчи дивизионго өтөт.

Сүрөт: Гүлжан Турдубаева
Маек: Илона Пфеффер жана Тазим Жекшенбаева