«Калыс» кыймылы ЛГБТ менен бейөкмөт уюмдарга карата «чечкиндүү чараларды» көрөөрүн билдирди

«Калыс» жаштар кыймылы эгер «ЛГБТны пропагандалоолор» жана «башка өлкөлөрдүн Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүүлөрү» токтобосо «чечкиндүү чараларды» көрө тургандыктарын билдирип, коркутту. Адам укуктары боюнча юрист «Калыс» адамзатка каршы келген баалуулуктарды пропагандалап жатат деп эсептейт.

«Калыс» жаштар кыймылынын өкүлү Жеңиш Молдокматов АКШнын Бишкектеги элчилигинин имаратынын алдында митинг уюштурду. Ал эгер АКШ менен башка өлкөлөрдүн Кыргызстандын ички саясатына «кийлигишүүлөрү» токтобосо «чечкиндүү чараларды» көрө тургандыктарын билдирди.

«Биз алардын [эл аралык уюмдардын] активдүү иш-аракеттерин баштагандыктарынан улам тынчсызданып жатабыз. Алар өзүлөрүнүн бейөкмөт уюмдары тарабынан адамзаттын, кыргыздардын жүрүм-турум эрежелерине туура келбеген нерселерди таңуулай башташты», — деп билдирди ал.

Алсак, Молдокматов Кыргызстандын аймагында «ЛГБТнын (лесбиян, гей, бисексуал жана трансгендерлерди) пропагандаланышына» жол бербей тургандыгын билдирди.

«Майданчыларга да, гей-активисттерге да башка өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын Кыргызстанга таңуулоого жол бербейбиз», — деди ал.

Молдокматов «батышчыл активист» деп мисал катары Илья Лукашты атады — кыймыл бүгүнкү акциясынын жүрүшүндө анын сүрөтүн өрттөгөн болчу.

«Калыстын» өкүлүнүн айтымында, жарандык активист өзүнүн Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына «Майданды Кыргызстанга алып келүүнү» каалап жатканын жазган — Молдокматовдун түшүнүгүндө бул өлкөгө революция алып келүү дегенди түшүндүрөт.

Лукаштын өзү Kloop.kgге берген маегинде өз атынан андай эч нерсе жазбагандыгын билдирди — айтымында, ал жасалма аккаунттан жазылган.

«Бул жасалма аккаунт аркылуу бир гана максат менен — белгилүү бир тараптын саясаты менен макул эмес адамды кезектеги жолу каралоо үчүн жасалган», — деп билдирди ал.

Лукаш «Калыстын» эмне себептен ага каршы акция өткөрүп, анын сүрөттүн өрттөгөндүгүн түшүнбөй жатканын айтты.

«Мен эч качан Американын элчилигинде иштеген эмесмин, байланышым да жок. Менин сүрөтүмдү дал ошол жакта өрттөөнүн кандай кажети бар эле, түшүнгөн жокмун», — деди активист.

Ал Молдокматов айтып жаткандай гей-активист эмес экенин кошумчалады — анын айтымында, бул адамдарды адаштыруу үчүн айтылган кеп.

«Качан логикалык аргументтер түгөнгөндө жалган нерселерди арта салуу башталат [...] Бул адамдан «каракчы» издөө дегенди билдирет. Эгер мени менен бир нерсе болсо ал үчүн «Калыс» кыймылын жоопкерчиликтүү деп эсептегиле, анткени мага карата ошолор душмандыкты тутантып жатышат», — деп билдирди ал.

Лукаш жаштар кыймылынын акциясы жана алардын коркутуулары боюнча азырынча укук коргоо органдарына кайрылбай тургандыгын кошумчалады.

«Калыс» электөөнү сунуштоодо»

Адам укуктары боюнча эксперт Сыйнат Султаналиева Kloop.kgге берген маегинде «Калыс» кыймылы мындай билдирүүлөрү менен адамзатка каршы келген баалуулуктарды пропагандалап жатканын айтты.

«Адамдын сүрөтүн өрттөй тургандыгы менен коркутуу — бул биринчиден, адептүүлүккө жатпайт жана экстремисстик мүнөздөгү коркутуу болуп эсептелет. Экинчиден, бул электен өткөрүү аракети. Алардын пикири боюнча кайсыл адамдын сүйлөөгө укугу бар же жоктугун ким чечиши керек?» — деди эксперт.

Султаналиева сексуалдык ориентацияны же гендердик шайкештикти пропагандалоого мүмкүн эместигин айтты.

«Мага жетелешип турган гейлерди канча жолу көрсөтүшпөсүн  менин гей болуп, башка бир эркек менен жетелешип тургум келбейт [...] Чоң кишини ага карама-каршы болгон сексуалдык ориентацияга көндүрүү мүмкүн эмес», — деди ал.

Анын айтымында, Молдокматов билдирип жаткандай Кыргызстанда ЛГБТ тууралуу жаш балдарга эч ким айтпайт — балдар андай нерселер тууралуу дайыма эле объективдүүлүгү менен айырмалана бербеген веб-сайттар аркылуу билип алышат.

«Активисттер ЛГБТ тууралуу балдарга айтып берүүнү максат кылбайт. Балдарга эмес, өсүп келе жаткан муунга жалпы мамиле керек. Башка маалыматтар менен бирге аларга Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна ылайык, сексуалдык ориентациянын — гетеросексуал, гомосексуал жана бисексуал — деген бир нече түрү бар экенин айтуу керек», — дейт эксперт.

Султаналиева учурда укук коргоочулар «Калыс» жаштар кыймылынын билдирүүсү боюнча арыз даярдап жаткандыктарын кошумчалады».