Байланыш операторлору сим-карталарын келишимдер боюнча сатууга милдеттендирилишти

Байланыш операторлору эми сим-карталарды сатууда абоненттер менен келишим түзүшөт. Тиешелүү токтом 8-марттан тарта күчүнө кирет.

Өкмөт 17-февраль күнү «Көчмө радиотелефон байланыштын көрсөткөн кызматтарынын эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтом чыгарган.

Ал эрежелерге ылайык, 8-марттан тарта абонент — физикалык же юридикалык жактар — сим-карта сатып алууда келишим түзүп, өзү же уюм жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү болот.

Жөнөкөй жарандар өз ичине төмөнкү нерселерди камтыган маалыматтарды берүүгө милдеттүү:;

  • фамилиясы, аты, атасынын аты;
  • ким экендигин тастыктаган документинин реквизиттери;
  • башка байланыш оператору көрсөтүүчү байланыш кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуу жана андай кызматтарды көрсөтүү үчүн ал тууралуу маалыматтарды берүүгө абоненттин макулдугу (каршылыгы);
  • абоненттик номер;
  • өзү жөнүндөгү маалыматтардын маалыматтык сурап-билүү системасында пайдаланылышына абоненттин макулдугу (каршылыгы);
  • акча каражаттарын кайтарып берүү максатында абоненттин контакттык маалыматтары.

Мекеме-уюмдар буларга кошумча төмөнкү маалыматтарды берүүгө милдеттүү:

  • мекеме-уюмдун аталышы;
  • жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты;
  • башкы кеңсенин жайгашкан дареги;
  • алыш-бериш эсептеринин реквизиттери.

Сим-картадан 180 күндүк мөөнөттүн ичинде чалуулар болбосо же 90 календардык күндөн ашык убакыт бою карыз төлөнбөсө келишим бузулду деп эсептелинет. Эгер абоненттин жеке эсебинде калдык акча бар болсо ал абонентке кайтарылып берилет.

Бекитилген эрежелер СМС-билдирүүлөр аркылуу лотереяларды, викториналарды, сынактарды, сурамжылоолорду жана добуш берүүлөрдү өткөрүүгө тыюу салат.