Хоккей боюнча Азиянын Чакыруу кубогу: Кыргызстан 3:1 Макао

Кыргызстан курамасы Макаодон келген хоккейчилерди 3:1 эсебинде жеңдибул Хоккей боюнча Азиянын Чакыруу кубогунун биринчи дивизионунун топтук этабында Сергей Шаверневдин тарбиялануучуларынын үчүнчү жолу катары менен жеңишке жетиши.

27-февраль күнү кечинде Кыргызстан Макао курамасы менен беттешти — кыргыз хоккейчилери макаолук оюнчуларды биринчи дивизиондогу башка курамаларга караганда «эң күчтүү атаандаш» деп эсептеп келишкен.IMG_8296Жалпысынан курамалар ортосундагы тирешүү курч мүнөздө өттү — эки команда тең активдүү чабуулдарды жасашып, атаандашына өз муз аянтчасында ойноого мүмкүнчүлүк беришкен жок.IMG_8331Биринчи шайба дарбазага беттештин алтынчы мүнөтүндө кирди — Макаонун хоккейчилери кыргызстандыктардын дарбазачысын алдап өтүп оюн эсебин ачышты.IMG_8285Кыргызстан курамасы жети мүнөттөн кийин макаолуктардын дарбазасына гол менен жооп беришти.IMG_83451Биринчи жыйырма мүнөттүктүн ичинде башка шайба кирген жок — курамалар бирдей эсеп менен тыныгууга кетишти.IMG_8472Экинчи бөлүктө кыргыз хоккейчилери Макао дарбазасына карай активдүү чабуулга өтүшүп, шайбага ээлик кылууда демилгени өз колдоруна алышты — бул өз жыйынтыгын берип, Кыргызстан курамасы эки шайба киргизди.IMG_8376Өзгөчө кыргыз командасынын шайбаны муз аянтчасынын дээрлик орто ченинен киргизген коргоочусу Төлөгөн Жолдошбек уулу мыктылыгын көрсөттү.IMG_8592Оюндун бул бөлүгүндө Макао курамасы гол менен жооп бере албай, командалары 3:1 эсебинде тыныгууга кетишти.IMG_8552Оюндун үчүнчү жыйырма мүнөттүгү андан да курч мүнөздө өттү — Макаонун хоккейчилери алдыга озуп чыгууга аракеттенүү менен кыргыз дарбазасына чабуул артынан чабуул уюштурушуп, көптөгөн кооптуу абалдарды жаратышты.IMG_8320Кыргызстандыктар болсо коргонуу өңүтүнө өтүшүп,  оюндун аягына чейин Макао курамасына шайба киргизүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок.IMG_8399Беттеш Кыргызстандын пайдасына 3:1 эсебинде аяктады.IMG_8619Оюндан кийин кыргыз хоккейчилери Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маектеринде алар үчүн Макао курамасы «эң күчтүү атаандаш» болгондугун билдиришти — айтымдарында, Макао хоккейчилери башка командаларга караганда профессионалдуураак ойношту.

Учурда Кыргызстан үч жеңиши менен мелдештин тизмегинде биринчи орунда:

[table id=13 /]

 

1-мартта өтө турган жарым финалдык бөлүктө Кыргызстан Индия курамасы менен беттешет.

Автор: Гүлжан Турдубаева