Азырынча Атамбаев Крымга аскерлердин киргизилиши боюнча билдирүү жасай элек

Орусия аскерлеринин Крымдын аймагына киргизилиши боюнча өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин көз карашы тууралуу берилген суроого анын басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов «Президенттин Украина тууралуу буга чейинки билдирүүсү бүгүнкү күндө да актуалдуу», деген гана кыска жооп менен чектелди.

Токтогулов Крымдын аймагына Орусиянын чектелген аскер контингентинин киргизилиши тууралуу өлкө башчы кандай көз карашта экендиги боюнча «эч нерсе деп жооп бере албастыгын» билдирди.

«Атамбаевдин өткөн аптада жасаган билдирүүсүн окугула. Ал бүгүнкү күндө да актуалдуу», — деди басма сөз катчы.

Ал маекти андан ары улантпастан дароо коштошуп, телефонду коюп койду.

Атамбаевдин Украинадагы бийлик алмашуу боюнча алгачкы жана акыркы билдирүүсүндө Орусиянын аскерлерин киргизиши боюнча эч нерсе айтылган эмес — президент ал билдирүүсүн Кремлдин расмий чечими кабыл алына электе, 27-февралда эле жасаган болчу.

Президент ал билдирүүсүндө өлкөнүн жаңы бийлигине улуттар аралык каршылашуудан алыс болуу кеңешин берип, Украинанын мындай оор кырдаалдан чыгуусуна эл аралык өнөктөштөрү жардам бере тургандыктарына ишенээрин айткан.

«Украинанын эл аралык өнөктөштөрү өз ниеттеринде жана аракеттеринде ырааттуу болуп, кырдаалдан чыгууга реалдуу жардам көрсөтөөрүнө терең ишенебиз», — деп билдирген анда Атамбаев.

Бирок анда Атамбаевдин кайсыл эл аралык өнөктөштөрү тууралуу айткандыгы азырынча белгисиз.

Крымга аскерлерди киргизүү

Орусиянын президенти Владимир Путин Крымдын аймагына аскерлерин киргизүүнү 1-мартта демилгелеп, бул кадамын андагы өз жарандарынын, мекендештеринин жана орус аскер контингентинин коопсуздук коркунучу менен түшүндүргөн.

Президенттин ал чечимин Федерациялык кеңеш колдоп, аскерлер Крымдын аймагына киргизиле баштаган.

Орусиянын аскерлери Крымга толук аскер жарак-жабдыктары менен киришкен. Аларды ташып келген унаалардагы орус номурларынан сырткары башка эч кандай таануу белгилери болгон эмес.

Орусия аскерлеринин жарым аралдын аймагына киргизилиши 1994-жылкы Будапешт меморандумун бузду,ага ылайык, Орусия Украинанын эгемендүүлүгүн, мамлекеттик чегин жана аймактык бүтүндүгүн сыйлоого убада берген.

Учурда Орусия аскерлери Крымдын аймагында калууда жана ага жергиликтүү тургундардын мамилелери өтө ар түрдүү.

Аймактагы шаарлардын бир катар жашоочулары аскерлердин киргизилишин кубаттап, Орусиядан жардам сурап жатышса, башкалары — негизинен крымдык татарлар — Украинадагы жаңы бийликти колдоп, Крымдын өлкөнүн негизги аймагынан бөлүнүшүнө каршы болуп жатышат.

Автор: Шахида Дүйшеева