Казакстандагы жол кырсыгынан 8 кыргызстандык каза болду

Кырсык 2-март күнү түн ичинде Алматы-Ташкент унаа жолунун Жабыл облусунун Кордай районундагы бөлүгүндө орун алган. Чоң автобус менен кичи автобустун кагылышуусунун жыйынтыгында 9 киши каза болуп, дагы 11и ооруканага жаткырылышты.

Жүргүнчүлөрдү ташуучу «VanHool» автобусу менен «Мерседес» үлгүсүндөгү кичи автобус Алматы-Ташкент унаа жолунун 175-чакырымында сүзүшүшкөн, деп билдирүүдө Казакстандын ӨКМи.

Карсыктан улам 9 киши мерт кеткен, алардын 8и кыргызстандыктар болушкан. Дагы 11 киши түрдүү даражадагы жарааттары менен ооруканага жаткырылышты.

Жалпысынан автобустун ичинде 55 киши бар болгон.