Кызыл-Жар кылмышкерлердин башкалка жайыбы?

Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар шаарчасындагы психиатриялык ооруканадагы чуудан кийин кооптонуу токтой элек. Жергиликтүүлөр кылмыштуулугу бар бейтаптарды күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алуу зарылдыгын  айтышат. Анткен менен, бул милдет азырынча кайсы бир органга жүктөлө элек. Психиатриялык ооруканаларда кылмышкерлер көз боемочулук менен  жашырынып, жоопкерчиликтен башкалкалап жүргөнү Жогорку Кеӊеште да талкууга алынды. Абалды жайгарууга көзкарандысыз психиатриялык экспертизаны кийирүү зарылдыгын серепчилер сунуштайт.

Окуянын чоо-жайы

Ушул жылдын 9-февралында Балыкчы шаарында эки милицияны атып өлтүрдү делген Заур Магомедов Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканадан качып чыккан. Ал 11-февралда  Токтогул районунда атайын операция учурунда жок кылынды.

Заур Магомедов
Заур Магомедов

Тергөө-иликтөөнүн жүрүшүндө Магомедовдун буюм-тайымдарын алуу үчүн 17-февралда ИИМ уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы сот санкциясы менен ооруканада тинтүү жүргүзгөн. Тинтүүдө маңзат табылган. Буга карышлык кылып көтөрүлгөн бейтаптар  1 тергөөчү жана 4 медициналык кызматкерди барымтага алып, кагылышта ИИМдин атайын даярдыктагы 6 кызматкери жана  жана оорукананын 3 медкызматкери жабыркаган.

Учурда Таш-Көмүр шаардык милициясы ооруканада убактылуу күзөт жүргүзүүдө. Болуп өткөн инцидент боюнча кылмыш иши ачылып, иликтөө жүрүп жатат.

Бейтаптар сес көрсөтүп…

Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканада болгон чуудан кийин жергиликтүүлөр кооптонгонун жашырбайт. Ушул убакытка чейин криминалдык тарыхы бар бейтаптар жергиликтүүлөрдү коркутуп-үркүтүп келиптир.

Айтымдарында, оорукананын Айбек сары, Равшан деген пациенттери соода күркөлөрүнөн буюм-азыктарды акы төлөбөй алып кетип, “кырып салам” деп сес көрсөтчү экен.

“Общактын балдарыбыз деп бир жаш бала жүргөнүн билем. Такси жалдап Таш-Көмүргө барып, эт, нан, азыктарды багажга толтуруп келип, жолдон дарбазаны ач деп звонок кылып, келгенде топурап ал жерде санитарлардан бери  чуркап түшүрүшүп алып кирип кетишиптир”,-  дейт Кызыл-Жар шаарчасынын тургуну Садира Кыйгырова.

Ооруканадан бейтаптар эркин кирип-чыгууга шарттары бар. Мындан үч жыл мурда шаарча тургундарына бейтаптар тап берип, кароолчуну ур-токмокко алганын Мурат Эсенбаев эскерет.

1392878681_142

“Оорукана деп  аталганы менен, оор кылмыш кылып, ушул жерде жашырынып жүргөндөр бар дешет. Эгерде чын эле жинди болсо, алар уюшулуп көтөрүлбөйт эле. Үч жыл мурда алар чоң көчөгө чейин чыгып, элди кууп, коркутушкан. Кароолчуну сабашкан. Алыс эмес жерде мектеп бар. Биз балдарыбыз үчүн көбүрөөк коркобуз. Бирок, аларды бекем кайтаруу маселеси дагы эле чечиле элек”,- дейт М.Эсенбаев.

Айрым бейтаптардын психикалык оорулуу экенинен шек санагандар да бар.

“Буларга мындай эркиндикти, жеңилдикти ким берген? «Балык башынан сасыйт» дейт. Балким экспертизаны ушундай кыл дегендер бардыр. Бизге бул жагы караңгы»,- дейт жергиликтүү тургун Бактыкан Момбекова.

Кылмыш жоопкерчилигинен башкалка издегендер

Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканада 300дөй бейтап дарыланат. Оорукананын №2 бөлүмүндө оор кылмыштарды жасап, соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде «психикалык жактан оорулуу» делгендер кармалат. Арасында кылмыш жоопкерчилигинен качып, ушул жайдан башкалка издегендер да жок эмес экендигин күч органдары ырастайт.

“Смотрящий, положенец дегендери бар. Оор кылмыштар менен 48 адам оорулуу деп бул жерде дарыланат экен. Алардын 9у киши өлтүрүү боюнча жана наркотикалык заттарды сатуу боюнча. Курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүргөндөр боюнча оор кылмыш жасагандар бар”,- дейт ИИМдин уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Уланбек Алиев.

Оорукананын башкы дарыгери белгилегендей, №2 бөлүмдөгү 48 бейтапка экспертизалык комиссиянын чечими бар.

“Соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүп берген. Органдар назначение кылып берет. Соттук-психиатриялык экспертизанын да варианттары бар: стационардык, амбулатордук деген. Психиатриялык экспертиза бир гана биздин ооруканада өткөрүлбөйт. Бишкектен, Оштон өткөрүлөт. Соттук токтомдун жана тергөөчүлөрдүн токтомунун негизинде өткөрүлөт”,-дейт башкы врач Гүлнур Миңбаева.

e7263bbc651fe1144c020def71b75037

Атын атабоону сураган медкызматкердин айтымында, оорукананын 1-бөлүмү “общак” деп аталып, андагы бейтаптарга өтө кылдат мамиле жасалат.

“Сменага барганда пациенттерди ар бирин перекличка кылып алышыбыз керек. Кетип калганы, качып кетип калганы барбы, только наблюдение гана кылып карап отурабыз. Башка айлабыз жок. Себеби, биз өз өмүрүбүздөн коркобуз”,- дейт медкызматкер.

Күчөтүлгөн  тартипте кайтарууга керек

Оор кылмышка катыштыгы бар делген бейтаптарды башка оорулуулардан бөлүп, күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алуу зарылдыгы көп жылдан бери айтылып, бирок ишке ашпай келет.

Оорукананын башкы дарыгери белгилегендей, бул милдет али кайсы бир органга жүктөлө элек.

“Аларды ким кароого алып, кайсы ведомство караш керек экендиги ушул күнгө чейин чечилбегендигинен ушул көйгөй болуп келатат. Муну Өкмөт да, ГСИН да, ИИМ да жакшы билет. Ушул окуядардан кийин чечилип калар”,- дейт Гүлнур Миңбаева.

Башкы дарыгердин айтымында, азыр бир нече варианты каралып жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги ИИМдин күзөт бөлүмү менен келишим түзүп, ошол жактан күзөт алып турса болот. Экинчиси –  кылмыштуулугу бар бейтаптарды Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканага которуу.

Эксперт сунуштайт

«Психикалык саламаттык жана коом» коомдук бирикмесинин жетекчиси Бурул Макенбаева kloop.kg_ге психиатриялык ооруканаларда кылмышка айыпталгандардын кантип башкалка табышы жана соттук-психиатриялык экспертиза бүтүмдөрүнүн анык-айкындуулугу тууралуу пикирин айтып берди.

Бурул Макенбаева
Бурул Макенбаева

-Кызыл-Жардагы оорукананын тарых-таржымалы кандай? Оор кылмыш кылгандар экспертизаны жеӊ ичинен сатып алып, башкалкалап жүрүшөт деген пикирлер бар?

- Бул Советтер Союзу мезгилинен келаткан маселе. Анткени, 1959-60-жылдары Советтер Союзунда саясий көз карашы боюнча түрмөгө отурган адамдар көп болгон. Мындан улам СССР катуу эл аралык сынга кабылган. Ошондой адамдарды түрмөдөн жашырыш үчүн окчун жерлерде ооруканаларды салып, психиатриялык ооруканаларга камаган. Ошондон кылмыштуулук менен саламаттыкты сактоо аралашып кеткен. Кызыл-Жар - Союздук оорукана болчу. Бул жерде башка республикалардан да алып келип жаткырылып, ошол жактан жоголушат эле.

Советтер Союзу кулагандан кийин түзүлгөн шарт сакталып кала берген. Эми уюшулган кылмыштуулукка катышы барлар бул жайларда жатып, жоопкерчиликтен кутулууда.

Оорукана менен кылмыш чөйрөсү эки башка болушу керек. Анткени, коррупцияга жол түзүлөт. Бул сот системасына да таасири тиет. Кылмыштуулугу бар адам түрмөгө, же ооруканага барат. Бул жалпы коомчулукка жана оорулууларга да коркунуч келтирет.

- Психиатриялык  ооруканадан качып чыгып кылмыш жасагандар көп болуп жатат. Бул кимдин жоопкерчилигинде?

- Биз прокуратурага каттарды жазганбыз. Мисалы, Магомедов деген ооруканадан чыгып, кылмыш жасап жатпайбы. Аны эч качан врачтар жалгыз чечпейт.  Азыр врачтарды күнөөлөп жатышпайбы.  Мен 100%га айтам. Мында милиция кызматкерлеринин катыштыгы да бар. Врачтар анын дартнаамасын (диагноз) жазууга аралашкан, а бирок, жалгыз эле аларды күнөлүү дегенге болбойт.

- Деги эле соттук-психиатриялык экспертизанын бүтүмүнө шек санагандар арбын.   Бул көйгөйдү кантип чечсе болот?

- Биз психикалык оорулуу делген адамды экспертиза үчүн башка мамлекетке жибере албайбыз. Бирок, мурда соттук экспертизанын актысын Москвадагы Сербски институтуна жиберчүбүз. Ал жакта да чоӊ коррупция бар.  Анткен менен, ал жакта эксперттер салгылашат да. Ошолорго жибериш керек.

Бизде көзкарандысыз экспертиза жаӊыдан эле бутка туруп жатат. Мурдараак эл аралык «Адам укуктары үчүн дарыгерлер» өздөрүнүн экспертизасын жасай баштаган. Ошол экспертизалар өтпөй турган кылып, башка талап киргизилген. Азыр биздин сотко улуттук эксперттердин гана пикири өтөт. Бул болсо коррупцияга жол түзөт.

Психиатриялык ооруканаларда кылмышкерлер жашырынып жүрбөшү үчүн көзкарандысыз экспертизаны киргизүү керек. Россия, Казакстан болобу, эксперттердин пикирин алышыбыз керек.

Эл пикири

Психиатриялык ооруканадагы кылмыш чөйрөсүнөн барган бейтаптар жөнүндө элдин пикири ар түрдүү.

Нурдин Алымбеков, Ош шаарынын тургуну:

- Наркотик ташыгандар, адам өлтүргөндөр пара берип жинди деген күбөлүк алып кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп жүрүшөт. Экспертиза кылгандар, соттук-психиатриялык бүтүм чыгаргандар буга жооптуу болушу керек. Эгер бүтүм туура эмес чыгарылган болсо, аларды жоопко тартуу шарт. Бирок, булар деле пара берип кутулуп кетишери турган иш.

Максуда Эламанова, Ноокат районунун тургуну:

- Кыргызстанда жиндиканалар жакшы кайтарылбайт. Өткөн жылы да психооруканадан качып чыккан адам Бишкекте кылмыш жасаганы белгилүү. Жиндилер оор кылмыш кылса да жазаланбайт. Ошон үчүн жинди деген атка жашынган кылмышкерлер каалаганын кылып жатышат.

Наджидин Икрамов, Жалал-Абад облусунун тургуну, пенсионер:

- Псих оорулууларды, менимче, убак-убагы менен экспертизадан өткөрүп туруу керек. Себеби, арасында калп эле жинди деген күбөлүктү алып, кылмыш кылып качып жүргөндөр бар.

Элмира Кубат кызы, Ош шаарынын тургуну:

-  Психиатриялык ооруканада амбулатордук негизде дарыланып жүргөндөр көбүрөөк коомчулукка коркунучтуу деп ойлойм. Себеби, алар кылдат көзөмөлдө болбойт. Анан дагы стационардык психооруканада дарыланып жаткандар ооруканадан оңой эле качып чыкса болчудай. Күзөт коюлганы менен, күчөтүлгөн тартипте кайтарылбайт дешет. Жиндиканаларда кадимки кылмыш дүйнөсүндөгүдөй “смотрящий”, “общак” деген түшүнүктөр бар экен. Алардан башка жиндилер тургай, медперсоналдар коркушат экен. Жиндиканалар  коомчулук үчүн жабык жана кылдат көзөмөлдө болушу керек.

Гүлзат Газиева, Ош шаары

Сүрөттөр интернеттен алынды

Макала “Кабар Ордо” долбоорунун алкагында даярдалды