Облустук милиция тарабынан Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты Алтынбек Коеналиевге ок аткан белгисиз адамдар кармалышты.
Атышуу 3-март күнү Балыкчы автобекетинин аймагында болгон — белгисиз төрт адам депутат Коеналиев менен анын жанындагы адамдарга карата ок атышкан.
Андан соң кол салгандар окуя болгон жерден «Мерседес-600» үлгүсүндөгү автоунаага отуруп качып кетишкен.
Ок атышуунун жыйынтыгында жараат алган үч адам Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилишкен. Алардын биринин абалы «оор» деп бааланууда.
Ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерди карап чыгып, аңчылык мылтыктын бир нече гильзасын, тапанча окторун жана кан издерин табышкан.
Облустук милиция дароо эле «Колго түшүрүү» планын баштап, ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө кол салгандар отуруп качкан унааны табышкан.
Анын ичинде төрт киши бар болуп, үчөөсү ок тийип жараат алышкан. Милиция тарабынан алардын жанындагы тапанча жана чолок мылтыктар алынды.
Колго түшкөндөр эл өкүлүнө таксисттердин биринин тууганын жумушка орноштурууга байланшкан чечимден кийин пайда болгон пикир келишпестиктерден улам кол салгандыктарын билдиришкен.
«Бир күн мурун Т.Азамат өз бир тууганын автобекетке таксист кылып орноштуруу үчүн ал жерде иштеген Т. уулу Адилетке кайрылган», — деп жазылган милициянын билдирүүсүндө.
Ок атышуу фактысы боюнча «бейбаштык» жана «ок атуучу куралды мыйзамсыз алуу, башка адамга берүү, сатуу, сактоо, бир жерден экинчи жерге жеткирүү жана жанында алып жүрүү» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.