Бир жылдын ичинде сим-караталарын каттоодон өткөрбөгөн абоненттер өчүрүлөт [+видео]

Байланыш операторлору эми бир жылдын ичинде өз сим-карталарын каттоодон өткөрбөгөн абоненттерин байланыштан чыгарып, өчүрүшөт. Бул келишим түзүү жөнүндөгү жаңы эрежелер киргизилгенге чейин эле байланыш кызматтары менен пайдаланып келген кардарларга да тиешелүү болот.

Байланыш операторлору 8-марттан тарта сим-карта сатып алган абоненттеринин бардыгы менен келишим түзүүгө милдеттендирилишти — мындай эрежелер жазылган токтом өкмөт тарабынан үстүбүздөгү жылдын 17-февралында кабыл алынган.

Мамлекеттик байланыш агенттигинин башчысы Чынгыз Бекташов сим-караталарын 8-мартка чейин сатып алган абоненттер да бир жыл аралыгында байланыш операторлору менен келишим түзүүлөрү керектигин, антпесе алар байланыш кызматтары менен пайдалана албай кала тургандыктарын айтты.

«Биз операторлорго келишим түзө элек абоненттери менен бир жылдын ичинде келишимдерге кол коюуу мүмкүнчүлүгүн бердик», — деди Бекташов.

Өкмөт байланыш абоненттерин каттоодон өткөрүү чечимин коопсуздук, ишенимдүүлүк жана көп сандаган түрдүү алдамчылык аракеттерден сактануу менен түшүндүрүүдө.

«Мунун аркасы менен абоненттер сим-картасын же телефонун жоготкон учурларда номурларын оңой эле калыбына келтире алышат. Ошондой эле байланыш оператору менен келишим түзгөн абонент өзүнүн ким экендигин тастыктаган документтерин көрсөтүү менен чалуулар тууралуу толук маалыматты сурап алууга укуктуу болот», — деп билдиришти Байланыш агенттигинин өкүлдөрү.

Мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, өлкөнүн аймагында активдүү сим-карталардын жалпы саны 6,5 миллионго жакын.

Жаңы эрежелер

Өкмөт 17-февраль күнү «Көчмө радиотелефон байланыштын көрсөткөн кызматтарынын эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтом чыгарган.

Анда жазылган эрежелерге ылайык, 8-марттан тарта абонент — физикалык же юридикалык жактар — сим-карта сатып алууда келишим түзүп, өзү же уюм тууралуу маалыматтарды берүүгө милдеттүү болуп калышат.
Жөнөкөй жарандар өз ичине төмөнкү нерселерди камтыган маалыматтарды берүүгө милдеттүү:

  • фамилиясы, аты, атасынын аты;
  • ким экендигин тастыктаган документинин реквизиттери;
  • башка байланыш оператору көрсөтүүчү байланыш кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуу жана андай кызматтарды көрсөтүү үчүн ал тууралуу маалыматтарды берүүгө абоненттин макулдугу (каршылыгы);
  • абоненттик номер;
  • өзү жөнүндөгү маалыматтардын маалыматтык сурап-билүү системасында пайдаланылышына абоненттин макулдугу (каршылыгы);
  • акча каражаттарын кайтарып берүү максатында абоненттин контакттык маалыматтары.

Мекеме-уюмдар буларга кошумча төмөнкү маалыматтарды да берүүгө милдеттүү:

  • мекеме-уюмдун аталышы;
  • жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты;
  • башкы кеңсенин жайгашкан дареги;
  • алыш-бериш эсептеринин реквизиттери.

Сим-картадан 180 күндүк мөөнөттүн ичинде чалуулар болбосо же 90 календардык күндөн ашык убакыт бою карыз төлөнбөсө келишим бузулду деп эсептелинет. Эгер абоненттин жеке эсебинде калдык акча бар болсо ал абонентке кайтарылып берилет.

Бекитилген эрежелер СМС-билдирүүлөр аркылуу лотереяларды, викториналарды, сынактарды, сурамжылоолорду жана добуш берүүлөрдү өткөрүүгө тыюу салат.

Автор: Хлоя Гейне