Кыргыз сомунун наркы кескин төмөндөдү

Жеке акча алмаштыруу жайлары 3-мартта бир АКШ долларын 58 сомдон сатып башташты. Ошол эле маалда кыргыз валютасынын расмий курсу да бир доллар үчүн 53, 96 сомго чейин жетип, тарыхтагы эң төмөнкү көрсөткүчүнө жетти.

Сомдун долларга карата расмий курсу 28-февраль, 1-март күндөрү кескин төмөндөп кеткен — улуттук валюта долларга карата 1,52 сомго  арзандады.

Жеке акча алмаштыруу жайлары буга 3-мартта таасирленишип, бир күндүн ичинде эле бир АКШ долларынын баасы 56 сомдон 58 сомго чейин жогорулаган.

Ушундай эле ылдамдыкта евро да кымбаттап кетти. Расмий курсунун 74,36 сом болгонуна карабастан жеке акча алмаштыруу жайларында бир евро 80 сомго чейинки чекке жетти.

Улуттук банктын маалыматтары боюнча, улуттук валютанын наркы акыркы бир нече жылдан бери мынчалык төмөн түшө элек болчу — 2011-жылдын мартынан баштап 2014-жылга чейин анын курсу бир доллар үчүн 47-49 сомдун айланасында кармалып келген.

2014-жылдын алгачкы эки айында эле АКШ доллары дээрлик 5 сомго же 10 пайызга чукул кымбаттаган.

Улуттук банк сомдун кунунун түшүп кетишинин себеби катары сырткы факторлорду — Орусия аскерлерин Крым жарым аралына киргизгенден кийинки Украинадагы каатчылык экенин айтууда.

Орусия-Украин араздашуусу орус рублинин курсунун кескин төмөндөшүнө алып келди. Өз кезегинде ал сомдун наркына таасирин тийгизди.

Сом рублди ээрчийт

Экономика тармагы боюнча эксперт Улук Кыдырбаев сомдун долларга карата болгон курсу рублдин курсуна пропорциялуу түрдө жогорулайт деп эсептейт.

«Жакынкы апталарга карата жасалган божомолдоолор доллардын курсу жогорулай тургандыгын көрсөтүүдө. Бул биринчи кезекте доллардын рублга карата жогорулоосуна байланыштуу. Биздин сом көп жылдардан бери рублдин долларга болгон курсун ишенимдүү ээрчип келет», — деп түшүндүрдү ал Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, сомдун рублге көз каранды болуусунун себеби — бул өлкөдөгү ири акча булагы болуп эсептелген Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын акча которуулары.

«Эмгек мигранттары негизинен айлыктарын рубль менен алышат, анан аны долларга алмаштырып туруп Кыргызстанга жөнөтүшөт. Албетте рублдин арзандашы акча которуулардын көлөмүнө түздөн-түз таасирин тийгизет», — деди ал.

Бишкектин акча алмаштыруу жайларынан Kloop.kgнин кабарчыларына акыркы күндөрү долларды сатып алуудагы ажиотаж тууралуу тарап кеткен маалыматтарды четке кагышты.

«Өткөн аптабы, бул аптабы бирдей эле — долларды көп сатып алып башташкан жок», — деди шаардын борборундагы Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан «Ачакей» акча алмаштыруу жайынын администратору.

«Арбат» акча алмаштыруучу жайынын ээси сомдун кунунун түшүп кетишинин чыныгы себептерин билбей тургандыгын мойнуна алды.

«Биз “суроо-талап менен сунуштун” өз ара катнашына көз карандыбыз. Учурда суроо-талап бир аз өсүп кетти. Бирок жакынкы аралыктарда бул көрүнүш токтойт», — деп түшүндүрдү ал.

Автор: Бектур Искендер