Доллардын кымбатташынан улам күйүүчү майга болгон баалар жогорулайт — бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациянын өкүлү билдирди.
Нефтетрейдерлер ассоцияциясынын аткаруучу директору Улан Кулов Kloop.kgге берген маегинде доллардын курсунун жогорулашынан улам жакынкы убактарда Кыргызстанда бензин кымбаттай тургандыгын билдирди.
Анын айтымында, бул дүйнөлүк рынокто мунай продуктуларынын долларга, ал эми Кыргызстанда сомго сатылып алынышына байланыштуу.
«Жакынкы убактарда доллардын жаңы курсу менен күйүүчү майлардын бааларына түзөтүүлөрдү киргизүү күтүлүүдө», — деди ал.
Азырынча эксперттер баалардын канчага жогорулай тургандыгын билишпейт жана алдын ала божомолдоолорду жасашпай эле. Учурда Газпром май куюуучу жайларында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 36,90 сом, ал эми АИ-95 үлгүсү — 42,50 сом турат.
Ассоциация башчысы Медетбек Керимкулов бензинге болгон баалардын жогорулашы — бул жалпы дүйнөлүк тенденция экенин жана Кыргызстанда күйүүчү май башка өлкөлөрдөгүдөй эле кымбаттай баштагандыгын билдирди.
Сомдун наркынын төмөндөшү
Сомдун долларга карата расмий курсу 28-февраль, 1-март күндөрү кескин төмөндөп кеткен — улуттук валюта долларга карата 1,52 сомго арзандады.
Жеке акча алмаштыруу жайлары буга 3-мартта таасирленишип, бир күндүн ичинде эле бир АКШ долларынын баасы 56 сомдон 58 сомго чейин жогорулаган.
Ушундай эле ылдамдыкта евро да кымбаттап кетти. Расмий курсунун 74,36 сом болгонуна карабастан жеке акча алмаштыруу жайларында бир евро 80 сомго чейинки чекке жетти.
Улуттук банктын маалыматтары боюнча, улуттук валютанын наркы акыркы бир нече жылдан бери мынчалык төмөн түшө элек болчу — 2011-жылдын мартынан баштап 2014-жылга чейин анын курсу бир доллар үчүн 47-49 сомдун айланасында кармалып келген.
2014-жылдын алгачкы эки айында эле АКШ доллары дээрлик 5 сомго же 10 пайызга чукул кымбаттаган.
Улуттук банк сомдун кунунун түшүп кетишинин себеби катары сырткы факторлорду — Орусия аскерлерин Крым жарым аралына киргизгенден кийинки Украинадагы каатчылык экенин айтууда.
Орусия-Украин араздашуусу орус рублинин курсунун кескин төмөндөшүнө алып келди. Өз кезегинде ал сомдун наркына таасирин тийгизген.
Автор: Хлоя Гейне