Ош шаардык кеңешинин мурунку депутаты Нурадил Жолдошев аны мандатынан ажыратуу жөнүндөгү чечим боюнча эл аралык сот менен Конституциялык палатага даттанат. Өткөн жылдын соңунда анын ыйгарым укуктарынан ажыратылышы мэрди шайлоодо тараптардын күч теңдемин кескин өзгөрткөн.
22-февралда башкы сот органы Жолдошевди шаардык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынан ажыратуу жөнүндөгү Ош аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамдуу деп таап, акыркы өкүмүн чыгарган. Бирок экс-депутат аны ыйгарым укуктарынан ажыратуу жөнүндөгү чечимди «мыйзамсыз» деп эсептеп жатат.
Ал депутаттык мандатынан 2013-жылдын аягында, Ош шаарынын мэрин шайлоонун алдында ажыратылган.
Жолдошевдин мандатын Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун 23 тарапташынан турган шаардык кеңештеги көпчүлүктү түзгөн башкаруучу коалиция колдогон.
Экс-депутаттын өзү аны ыйгарым укуктарынан ажыратуу жөнүндөгү акыркы чечим чыгарылган Жогорку соттун отурумуна катышпагандыгын билдирүүдө.
«25-февралдан бери биздин юристтерге иштин материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк бербей жатышат — бул мыйзамсыз, анткени сотко эки тараптын бир дагы өкүлү катышкан эмес. Биз Конституциялык палата менен Эл аралык сотко даттанабыз. Бул башаламандык», — деп билдирди Жолдошев Kloop.kgге берген маегинде.
Айтымында, ал Ош аймактык шайлоо комиссиясынын аны депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратуу жөнүндөгү чечими боюнча бир нече жолу сотко кайрылган — анын даттануусун Ош шаардык соту колдогон, бирок көп өтпөй эле ал чечим жогорку баскычтагы сот тарабынан жокко чыгарылган.
Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Жогорку соттун басма сөз кызматы жеткиликсиз болууда.
Мандаттын эмне себептен алынгандыгы белгисиз
Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Кыял Бектурова Kloop.kgге берген маегинде депутаттык мандатты Ош аймактык шайлоо комиссиясы эмес, Жолдошев депутат болуп шайланган «Замандаш-Современник» партиясынын саясий кеңеши чакырып алгандыгын айтып түшүндүрдү.
Депутаттын ыйгарым укуктары партиянын тизмесиндеги кийинки мүчөсүнө ыйгарылган, деп билдиришти Боршайкомдон.
«Партиянын саясий кеңеши өз чечими менен депутатынын мандатын өзүлөрү чакырып алышкан. Эмне себеп менен экенин билбейбиз», — деди Бектурова.
Ал кошумчалагандай, мындай жол менен «Замандаш» «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген “эл өкүлүн шаардык кеңештеги фракциянын сунушу менен ыйгарым укуктарынан ажыратууга уруксат берген” өзгөртүүлөрдү пайдаланган.
Башкаруучу коалиция таркагандан кийин Ош шаардык кеңешинде жаңы альянс түзүлгөн — анын курамына бийликчил партиялар кирип, Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» фракциясы азчылыкта калган.
Мырзакматов Ош шаарынын мэрин шайлоого чейин чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ болчу, бирок жаңы коалиция түзүлгөндөн кийин анын мүмкүнчүлүктөрү кыйла төмөндөп, шайлоодо бийликчил талапкер Айтмамат Кадырбаевге жеңилип калган.
Автор: Мираида Жапарова