Кыргызстанда тартылган видео АКШда популярдуулукка ээ болду

Kloop.kgнин кабарчысы Владимир Цайдын өткөн жылы тарткан видеоролиги күтүүсүздөн Американын ири ЖМКларына жетип, акыркы бир нече сутканын ичинде эле аны интернеттен дээрлик жарым миллионго жакын киши көргөн.

Видеодо Бишкектеги баптист чиркөөсүндө хорго дирижерлук кылып жаткан кичинекей кыз тартылган. Ал өзүнүн импровизация кылуу жөндөмдүүлүгү менен америкалык телекөрүүчүлөрдү таң калтырып, алардын жүрөгүн багындырып алган.

Ушул мүнөттөргө карата видео популярдуу YouTube видео-сервисиде дээрлик бир миллион жолу көрүлгөн, а анын каарманы болгон кичинекей кыз америкалык ЖМКларда көрсөтүлгөн.

Ал тууралуу NBC телеканалы сюжет жасап (анда алып баруучулар өлкөнүн аталышын туура айта алышкан эмес), дүйнө жүзү боюнча белгилүү блогдор «Хаффингтон Пост» менен «Гоукер» макала жазышкан.

«Жаш экенине карабастан ал өтө берилүү менен дирижерлук кылууда, буга чейин силер мүмкүн мындай нерсени көрбөгөн чыгаарсыздар», — деп жазган «Хаффингтон Пост» өз макаласында.

Кыз тууралуу жазылган «Хаффингтон Посттогу» макала сайттын колдонуучулары тарабынан да көптөгөн мактоо пикирлерди жараткан.

«Ал чындыгында эле эмне кылып жатканын билген адамдай көрүнөт  экен. [...]Балдар ушунчалык акылдуу!» — деп жазган Джорджина аттуу колдонуучусу.

Владимир Цайдын өзү видеону баптисттердин сыйынуучу жайында тарткандыгын билдирди — видеодо кадимки эле чиркөөдөгү хор тартылган.

«Мен видеону болжол менен бир жыл мурун тарткам. Так эсимде жок. Мына эми аны азыр дүйнө боюнча 250 миңден ашык киши көрүптүр. Жапония, Австралия жана башка өлкөлөрдөн жакшы баа берген пикирлер келип жатат. Азырынча бул менин эң популярдуу болгон видеом», — деди Цай Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, видеодогу кыз христтердин бири Лера Глозоунун кызы.

«Ал ар дайым хор кантип ырдап жатканын көрөт жана аны өзүнө сиңирип алган. Ал дирижёрду мыскылдады деп айтсак болот», — деди ал.

2013-жылдын жай айларынан тартып Kloop.kgнин штаттан сырткаркы кабарчысы болгон Цай акыркы убактарда ага чет элдик телеканалдардан тез-тез телефон чалышып, видеонун туп нускасын жөнөтүү өтүнүчтөрү менен кайрылып жаткандыктарын кошумчалады.

Бул өлкөнүн сыртында популярдуулукка ээ болгон Кыргызстандагы алгачкы видео эмес. Өткөнкү хит — «Зима не будет» — Орусияда өтө популярдуу болгон. Азыркыга чейин аны 1 миллиондон ашык жолу көрүшкөн.

Автор: Хлоя Гейне