Парламент өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин карайт

Депутаттардын үчтөн биринен көбү өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн кол коюшту. Алар бул маселени парламенттин кароосуна алып чыгууну көздөп жатышат.

Парламенттеги фракциялардын депутаттары учурдагы министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө үчүн 47 кол топтошту — Кыргызстандын Конституциясына ылайык, бул эл өкүлдөрүнүн зарыл болгон добуштарынын үчтөн биринен көбүүрөгүн түзөт.

Кол топтоону демилгелеген «Республика» фракциясы өкмөттүн ишин жактырбагандыгынын негизги себептери катары мамдирекциянын Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн каражатты пайдаланууда «одоно мыйзам бузууларга баргандыгын» жана «Кумтөр» алтын кени боюнча түзүлгөн жаңы макулдашуу менен макул эместиктерин айтып жатышат.

Эгер өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси парламенттин добуш берүүсүнө коюлса, зарыл болгон көпчүлүк добушка ээ болуу үчүн министрлер кабинетинин ишине нааразы болгон эл өкүлдөрү дагы 14 кесиптешинин колдоосун табуулары керек болот.

Министрлер кабинетине ишеним көрсөтүлбөгөн учурда өкмөттү таратуу же калтыруу маселесин президент чечет.

Эгер өлкө башчысы өкмөттү таратууга негиз жок деген чечимге келе турган болсо ал мурункудай эле өз ишин улантат.

Бирок парламент дагы үч айдын ичинде аткаруучу бийликке ишеним көрсөтпөө үчүн дагы бир жолу добуш берсе анда өкмөт президенттин макулдугу жок эле тарайт.

Ишеним көрсөтпөө маселеси парламент Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишмердүүлүгүн териштирип баштаган акыркы айлардан тарта өзгөчө курч турууда.

Атайын түзүлгөн депутаттык комиссия премьерди мамдирецияга бөлүнгөн каражатты начар жетектөөгө алып, көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн дирекция 570 миллион сомдон ашык каражатты жоготкон деп айыптаган.

Комиссия Башкы прокуратурага мамдирекциянын жалдануучу компанияларга баасына туура келбеген сапаттагы үйлөрдү курууга жол берген чиновниктерине карата текшерүү иштерин баштоосун сунуштаган.

Премьер дарегине айтылган айыптоолорго жооп катары бөлүнгөн каражат турак-үйлөрдүн курулушу менен Кыргызстандын түштүгүнүн инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн жумшалгандыгын айтып, прокуратура менен Эсеп палатасы тараптан иликтөө иштеринин жүргүзүлүшүнө каршы эмес экенин кошумчалаган.