АКШ «Манас» жүк ташуу борборунан жабдыктарын чыгара баштады

«Манас» транзиттик жүк ташуу борборунун ижара мөөнөтү 2014-жылдын ортосунда аяктайт. Учурда аскер кызматкерлери чатырларын жыйыштырып, Румыниядагы жаңы базага кетүүгө камынып жатышат.

Транзиттик жүк ташуу борбордун башчысы полковник Джон Миллард бардык керектүү жабдуулар менен техникаларды Румыниядагы базага которуштуруу иштери толук аяктагандыгын билдирди.

«Силер жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу аскер кызматкерлерин которуштуруу жана учактардын майын асманда алмаштыруу боюнча миссиясы аяктап, Румынияга жайгаштырылгандыгын көрсөңүздөр керек. Анда алар өздөрүн «Михаил Когальницеандын» (МК) транзиттик борбору деп аташты», — деди ал.

Милларддын айтымында, жүк ташуу борбору февралдын ичинде 4 жылдан бери  аткарылып келген төрт миссиясына аткарган.

«Акыркы май алмаштыруу 24-февралда, ал эми эң акыркы жүргүнчүлөрдү жеткирүү — 28-февралда аяктады. Тактап айтсам, ал миссиялар дээрлик бир убакта аяктады», — деди Транзиттик жүк ташуу борборунун башчысы.

Миллард борбор өз ишмердүүлүгүн 2014-жылдын 11-июдуна чейин толугу менен токтотушу керектигин айтты.

«12 жарым жылдын аралыгында биз менен Кыргызстандын ортосунда көптөгөн өнөктөштүк мамилелер пайда болду жана келечекте ал мамилелер уланат деген үмүттөбүз. Биз көптөгөн жылдар бою Кыргызстан менен бирге болдук», — деди ал.

«Манас» транзиттик жүк ташуу борбору Кыргызстандын аймагында 2001-жылдан бери иштеп келген. Алгач ал АКШ менен анын союздаштарын Ооганстандагы аскердик өнөктүктөрүн колдоп туруучу авиабаза катары пайдаланылган.

2009-жылдын ортосунда база багытын өзгөртүп «Манас» транзиттик жүк ташуу борбору деп аталган жана ошондон бери ал жүргүнчүлөр менен жүктөрдү Ооганстанга жөнөтүү жана кайрадан кабыл алуу, ошондой эле учактардын күйүүчү майын абада алмаштыруу үчүн пайдаланылып келген.

«Манас» транзиттик жүк ташуу борбору чыгарылгандан кийин Кыргызстан АКШ базанын ижара акысы катары төлөп келген 60 млн долларга жакын каражат жоготот.

Өлкөдө жүк ташуу борборуна карата түрдүү пикирлер айтылып келген. Америкалык аскерлерге болгон нааразычылык 2006-жылы базада кыргызстандык Александр Иванов атылгандан кийин өзгөчө күчөгөн.

Автор: Нуржамал Жаныбекова