Бишкек: 8-мартка карата акция өткөргөндүгү үчүн активисттерди сабап кетишти

Белгисиз адамдар 8-мартка карата Ош базарынын жанында иш-чара өткөрүп жаткандарды сабап кетишти. Кол салгандар аялдардын гендердик белгисин христиандардын символу катары кабыл алышкан. Жалпысынан кол салуудан эки киши жаракат алды.

Окуя 5-март күнү Бишкектеги Ош базарынын жанында болгон — кол салгандар аялдардын гендердик белгисин христиандардын диний символу катары кабыл алышып, аялдар кыймылынын тарыхы тууралуу айтып берип, викториналарды өткөрүп жаткан СКью Бишкек феминисттик демилгелери уюмунун активисттерин сабап кетишкен.

Анын жыйынтыгында эки киши жаракат алды — кол салгандар аларды баштарына жана билектерине урушкан. Андан сырткары үчөөсү белгисиз адамдар тарабынан жасалган психологиялык зомбулуктун курмандыгы болушкан.

«Активисттердин бирин кумса деп атап, аны тепкилеп, ургулап жерге кулатып салышты. Анан топтошкондордун бири активисттердин дагы бирөөсүн желкеге бир урду», — деп билдирүүдө «СКью». Укук коргоочулардын билдирүүлөрү боюнча, иш-чаранын жүрүшүндө лесбияндар жөнүндө да, кумсалар жөнүндө да бир дагы сөз айтылган эмес.

Кол салгандар тарабынан ушул белги христин символу катары кабыл алынган.
Кол салгандар тарабынан ушул белги христин символу катары кабыл алынган.

40ка чукул адамдан турган топ активисттерди куурчап алышып аларга: «Аялдарга укуктун эмне кереги бар?», «Силердин стендде эмнеге крест тартылып турат?», «Силер эмне мусулман эмессиңерби?», деп орой түрдө суроолорду берип башташкан.

«А силер эмне кыргыз эмессиңерби? Мына сен еврей турбайсыңбы, көп сүйлөгөнүңө караганда сен дагы еврей окшойсуң. Сен кыргыз болуп туруп кыргызча сүйлөбөйсүңбү? Бул ак калпакты көрүп турасыңбы, бул мени кыргыз кылып турат. Эгер сен кыргыз болсоң мусулман болушуң керек», — деп жазган «СКью» кол салгандардын айткандарын.

Топтошкондордун арасындагы кишилер активисттерди жакалап, бетине чылымдын түтүнүн үйлөп башташкан. Активисттер кетүүгө камынганда чогулгандар зомбулукка чакырып кыйкырышып, алардын артынан ээрчип жөнөшкөн.

Бир аздан соң белгисиз адамдар стендди тепкилеп, аны жыртып салышкан.

«Топтошкондор эки мүнөттүн ичинде стендди, андан соң бардыгын катары менен талкалап киришти. Бул көрүнүштү видеого тартып алууга мүмкүн болгон жок анткени активисттерге кол салып, жерге жыгытып жатышты», — деп жазган уюм өзүнүн пресс-релизинде.

Бийликтин зомбулукту колдоосу

Активисттердин айтымдарында, окуя болгон жерден 20 метр алыстыкта милиция бөлүмү бар болгон, бирок андагы кызматкерлер активисттердин жардам берүү өтүнүчтөрүн укмаксан болуп коюшкан.

«Активисттерге кароолчусунан суранып жатып Ленин райондук сотунун имаратына жашырынууга туура келди. Бирок кароолчу топтошкон адамдардын кыйкырыктарын угуп активисттерди тосмонун ары жагында калтырууга аракет кылды», — деп жазган «СКью».

Имараттан чыккан соттун кызматкерлери да жабырлануучулардын өтүнүчтөрүн уккандан соң чогулгандар тарапты колдошкон.

Андан кийин милиция кызматкерлери келип активисттердин имараттан чыгып унаага отурууларына жардам беришип, милиция бөлүмүнө алып кетишкен.

«Ошентсе да ички иштер органдары чогулган топко тийиштүү деңгээлде каршылык көрсөтө алышкан жок жана тартип бузгандарды колго түшүрүү боюнча ыкчам аракеттерди көрүшкөн жок», — деп жазган укук коргоочулар.

Милиция менен Ленин райондук соту бул боюнча түшүндүрмо алуу үчүн азырынча жеткиликсиз болуп жатышат.