Видео: «Жүк унаасы өткөндөн» кийин БЧКдагы көпүрөнүн бир бөлүгү тешилип калган

Көпүрөнүн тешилген бөлүгүн видеого тартып алышкан күбөлөр түн ичинде айдоочулар ал жерди байкабай калуулары мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

Ал жерди видеого тартып алган күбөлөрдүн айтымдарында, көпүрө Бишкек менен Пригородный айылынын чегиндеги Ленский көчөсүндө жайгашкан.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы иш күнү аяктап калганын айтып, эч кандай түшүндүрмө берген жок.

«Тиешелүү чаралар көрүлүп жатат», — деп ишендиришти мэриянын кабылдамасынан.

Автор: Бексултан Искендеров