Лупа жана жөнөкөй фотоаппараттын жардамы менен кар бүртүктөрүн кантип сүрөткө тартса болот?

Блоггер Айым Бакы лупа менен жөнөкөй фотоаппаратты пайдалануу менен кар бүртүктөрүн сүрөткө тартып алган.

Сүрөттөр Айым Бакынын блогунан алынды жана мындан аркы баян анын атынан жүрөт.

Кыш өтө суук болуп, кар көп жаады. Мен ушул макаламды чыгаруу менен кийинки жылга чейин кыш менен кош айтышам.

Бир күнү терезе артында лапылдап кар жаап жаткан. Ошол маалда менин оюма кар бүртүктөрүн сүрөткө тартып алуу идеясы келди. Анан мынакей, менин кар бүртүктөрүм!DSC04215Мен ADME.ru сайтындагы кар бүртүктөрүнүн макросүрөттөрү тууралуу жазылган макаланы эстеп, аны кайталап көргүм келди. Албетте менин сүрөттөрүм андай кооз жана сапаттуу болгон жок…

Мен каралжын жер бетине түшкөн кар бүртүктөрүн куралсыз көз менен караганда түзүлүшү бир аз көрүнөөрүн байкап, лупа менен фотоаппараттын жардамы менен ал кооздукту сүрөткө тартып алууну чечтим. Ал үчүн мага Sony W360 үлгүсүндөгү жөнөкөй фотоаппарат менен совет доорунан калган лупа жардам берди. Лупа азыркы заманбап объективдин кызматын аткарды. Жөн гана объективге кичинекей лупаны коюп, мына мындай сүрөттөрдү жарата алдым.

Кездемеде кар бүртүктөрү тез эле ээрип кетип жаткандыктан ага альтернатива катары көгүш жана кызгылт көк түстөгү калың кагазды пайдаландым.

Терезени ачып кар бүртүктөрүнө аңчылыгымды баштадым. Суктангыла!DSC04216Толугу менен бири-бирине опокшош кар бүртүктөрү болбойт.DSC04177Мен түрдүү көрүнүштөгү кар бүртүктөрүн тартып алууга аракет кылдым, бирок тилекке каршы алардын көбү бири-бирине окшош болуп калып жатты. Кээ бирде укмуш түзүлүштөгү кар бүртүктөрүн табууга да мүмкүн болгону менен алар өчөшкөнсүп тез эле ээрип кетип жатышты.

Сүрөттөрдүн көбү даана болбой калгандыктан алардын арасынан эң ийгиликтүүрөөк кадрларды тандап калдым.

Мен кокустан кар бүртүгүнө дем алып алуудан да корктум, ачык терезенин алдында туруп кулактарды үшүтүүгө туура келди (а кийинчерээк апам мени байкап калып шарф менен мойнумду ороп, баш кийим кийгизип, кол кап алып келип берди, андыктан мен ооруп калган жокмун).

ыыы. Өтө эле даана эмес. Бирок түзүлүшү ачык-айкын көрүнүп турат.DSC04190Мен фотоаппарат менен лупаны кар бүртүгүнө багыттагыча ал акырындап ээрип бара жатты…DSC04192Бул менин өтө үлгүлүү чебер чыгармам! Менин сыймыгым! Мен ушундай кооздукту даана тартып алгандыгым үчүн бактылуумун!DSC04225DSC04231Фотоаппаратым туура багытты кармап тартууда өтө көп кыйнады, ошондуктан бир катар сүрөттөр ачык, даана эмес болуп калды. Эх…DSC04236Кээ бирде камера мени жакшы түшүнүп, кар бүртүктөрүн даана тартып алууга мүмкүн болгон учурлар да кездешти.DSC04283DSC04285Гүлдөр.DSC04318DSC04330Автор:  Айым Бакы