Тез жардам кызматынын иши кабарчынын көзү менен

Kloop.kgнин кабарчысы Бексултан Искендеров бир күн бою Бишкектеги медициналык тез жардам кызматынын дарыгерлери менен болуп, алардын ишине күбө болуп кайткан.

Станция

Башкы реаниматолог Болот Жаныбековдун айтымында, Бишкектеги тез жардам кызматына күнүнө орточо эсеп менен 700 чамалуу телефон чалуу келип түшөт. Болжол менен алардын 100гө чукулу телефон аркылуу кеңеш берүү менен аяктайт:ambulancel_0001ambulancel_0002Кире бериштеги бул бөлмөдө үн күчөткүчтөр менен кайсыл унаанын кайсыл жакка барышы керектиги тууралуу жарыялап айтып турган дарыгерлер отурушат:ambulancel_0003Бул жерде чакыруулардын ортосундагы тыныгууларда дарыгерлер эс алышат. Бирок мен беш саат бою бирге жүргөн реаниматологдордун бригадасында бир дагы жолу тыныгуу болгон жок. Алар бул бөлмөдө бир аз гана өзөк жалгап алууга жетишишти:ambulancel_0019Тез жардам унаалар жетишсиз болгондуктан кээ бирде жаракат алгандарды туугандары менен жакындары өз алдынча алып келишет:ambulancel_0004Станцияга алынып келинген бейтаптарга биринчи жардам көрсөтүлүүчү жай:ambulancel_0010Аспаптарды жууп тазалап, дезинфекция кылуучу жай:ambulancel_0009Башкы реаниматологдун иш бөлмөсү:ambulancel_0007

Унаалар

Мамлекет тез жардам кызматы үчүн көптөн бери унаа сатылып алына элек. 2000-жылдан бери кызматка тез жардам унааларынын бардыгын башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү берип келишет. Баарынан да Жапония тараптан көп унаа берилген:

ambulancel_0006ambulancel_0011Орусиялык «Газелдер бар»:ambulancel_0013СССР убагынан калган эски УАЗдар дагы:ambulancel_0005Ал эмес «Жигули» да бар:ambulancel_0014Кээ бир жапон унаалары бир топ эле эскирип калган жана ичи ушундай көрүнүшкө ээ:ambulancel_0012Жаңы адистештирилген реанимобилдердин ички көрүнүшү:ambulancel_0016

Чакыруулар боюнча баруу

Дарыгердин жардамчысынын ар бир чакырууга алып жүргөн кутусунун ичи:ambulancel_0008Бригадалар түнкүсүн жарык чагылдырган нерселер жабыштырылган кийимдерди кийишет:ambulancel_0015Эреже катары мага батирлердин ичинде сүрөткө тартууга уруксат беришкен жок. Бир гана абал анча олуттуу эмес батирде тартууга мүмкүнчүлүк беришти:ambulancel_0017Мен реаниматологдор бригадасы менен жүргөн убакыттын ичинде адам көз жумган бир учур болду — 45 жаштагы эркек киши жүрөгүндөгү көйгөйлөрдөн улам «Аламедин» кичи районунда каза болду.

Дарыгерлердин мында эч кандай күнөөлөрүнүн жоктугуна карабастан ал адамды сактай албай калгандыктары үчүн капаланып жаткандыктары көрүнүп турат — биз шаардын борборунда жайгашкан тез жардам станциясынан Бишкектин чыгыш бөлүгүндөгү кичи районго чейин 8 гана мүнөттүн ичинде жетип баргыдай ылдамдыкта жүрдүк.

Дарыгерлерге кайсыл жерлерде гана болууга туура келбейт. Балким борбордун жашоочуларынын көбү эле шаарды алардай жакшы билбесе керек:ambulancel_0018Тез жардам кызматынын дарыгерлери Бишкекте медициналык мүнөздөгү гана көйгөйлөргө учурай беришпейт. Жолдон аларга башка унаалар келип сүзүлүп же батирлерге барганда мас абалындагы адамдар чыр чыгаруулары мүмкүн. А алардын айлык маяналары татыксыз төмөн.

Ошентсе да алар өз ишине берилгендик менен мамиле кылып, күн сайын ондогон өмүрлөрдү сактап келишет.

Автор: Бексултан Искендеров