«Манас» Транзиттик жүк ташуу борборунун кыз «зордуктоого аракет кылган» кызматкери кармалды

«Манас» Транзиттик жүк ташуу борборунун контракттык негизде иштеп жүргөн кызматкери бишкектик кызга «жабышып, зордуктоого аракет кылгандыгы» жана милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөндүгү үчүн кармалды. Жүк ташуу борборунан кармалган адам жеке фирманын келишимдик негизде иштеп жүргөн жумушчусу болгондуктан ал үчүн жооптуу эместиктерин билдиришти.

Аты-жөнү айтылбай жаткан АКШнын жараны Бишкектин жашоочусунун «артынан калбай асылып тийишкендиги» жана милиция бөлүмүндө үстөл сындырып, милиционердин пагонун жулуп каршылык көрсөткөндүгү үчүн кармалды.

Милициянын версиясы боюнча, чет өлкөлүк жаран 9-март күнү эртең менен мас абалында кафеден чыгып, жолдон 22 жаштагы Жамиля аттуу Бишкек шаарынын жашоочусун жолуктуруп, акча үчүн жыныстык катнашка барууну сунуштап артынан калбай ээрчип алган.

Кыз ал кишиден кутулуу үчүн көчөдөн такси кармап качып кетүүгө аракет кылган, бирок жүк ташуу борборунун кызматкери да аны менен кошо таксиге отуруп алган. Андан соң Жамиля айдоочудан аларды жакынкы милиция бөлүмүнө жеткирүүсүн өтүнгөн.

Таксинин айдоочусу аларды №10 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирип, милиция кызматкерлерин чакырган. Чет өлкөлүк жаран милициянын талаптарына баш ийбей, аларга каршылык көрсөткөн.

Учурда ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, ага карата бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

«Манас» Транзиттик жүк ташуу борборунун коомчулук менен байланыш бөлүмү Kloop.kgге жөнөткөн катында кармалган адам Readiness Management Services компаниясынын келишимдик негизде иштеген жумушчусу экенин жана Жүк ташуу борбору ал үчүн жооптуу эмес экенин кабарлаган.

«Кармалган адам келишимдик негизде иштеп жаткан жарандык адам болгондуктан ал аскер кызматкерлери үчүн каралган кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга туура келбейт», — деп билдиришти жүк ташуу борборунан.

Бул кармалган адамга «Манас» Транзиттик жүк ташуу борборунун аскер кызматкерлери үчүн каралган дипломатиялык кол тийбестик тиешелүү эмес жана шектүү адамдын үстүнөн сот адилеттиги Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт дегенди түшүндүрөт.

Түшүндүрмө алуу үчүн Readiness Management Services компаниясы азырынча жеткиликсиз болууда.