Нарын шаарындагы борбордук мечит

Нарын жергесиндеги “Азирети Али” мечити Кыргызстандагы мечиттерден өзүнүн көөкөр формасы менен айырмаланып турат.

DSCN2057_1Мечиттин курулушу 1991-жылы башталып, эки жыл ичинде толук бүткөрүлгөн.

DSCN2058_1DSCN2015_1DSCN2016_1

Кыргызстандагы башка мечиттерден айырмаланып, анын бетинде кыргыз оймо-чиймелери түшүрүлгөн.

DSCN2055_1

Мечит үч бөлүктөн турат - мечит, Нарын казыяты жана мечиттин алдындагы медресе. Мечит 200-250 адамга ылайыкталып курулган.

DSCN2062_1IMG_6305_1“Мечит салынаарда Союз учуру эле. Ошол учурда Мукаш Эсенелиев депутаттыкка талапкерлигин коюп жатып, мечитти колдойбуз деп сөз берген. Ошентип бизге тапшырма берилген. Ошондо мен ар кайсы мамлекеттин мечиттерин карасам, ар бири өз колоритине ылайыктап салыныптыр. Мен да кыргыздын өзгөчөлүгүн киргизип, мечиттин долбоорун чийип чыккам. Жыйынтыгында менин долбоорум мыкты болуп, кабыл алынган”,-деп айтып берди Нарын шаардык мечитинин архитектору Асейин Өмүралиев.

IMG_6312_1IMG_6316_1IMG_6317_1IMG_6319_1IMG_6314 _1Автор: Тазим Жекшенбаева