Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинде отчёт бере баштады

Кыргызстандын делегациясы БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин алдында акыркы беш жылдын ичиндеги өлкөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча отчёт берип, бир катар суроолорду алышты.

Кыргызстан өзүнүн эгемендүүлүк тарыхында БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинде экинчи жолу отчёт берип жатат — кыргыз делегациясы биринчи жолку отчетун 2008-жылы берген.

Отчет берүүнүн алгачкы күнү юстиция министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева башында турган Кыргызстандын делегациясы өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышы боюнча баяндама жасашты.

Андан соң БУУнун комитетинин мүчөлөрү бир топ суроолорду бирешти, алардын көбүнө Кыргызстан бүгүн жооп берет.

Жетишкендиктер

Расмий Кыргызстан өз баяндамасында өлкөдөгү адам укуктарын сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан күрөштөрдөгү жетишкендиктерди көрсөтүүгө аракет кылды.

Делегация мүчөлөрү убактыларынын көбүн Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин түзүлгөндүгү, укук коргоо органдарын реформалоо жана кыйноолорго каршы күрөш жүргүзүү тууралуу айтып берүүгө коротушту.

Мамбеталиева Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш адам укуктарын коргоо тармагында «бир топ ыйгарым укуктарга ээ» экенин билдирди.

Аны менен катар делегаттар прокуратура органдарын реформалоодогу жетишкендиктер тууралуу айтышты.

«Прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн жаңы критерийлери бекитилди. Анда тергөө иштерине басым жасалган. Максаты — объективдүү жана адилеттүү тергөө менен камсыз кылуу», — деп билдирди Мамбеталиева.

Ыңгайсыз суроолор

Бирок Кыргызстандын делегациясы жооп катары биринчи кезекте тил, гендердик жана сексуалдык ориентациялар боюнча басым жасоолорго байланышкан көптөгөн ыңгайсыз суроолорду алышты.

Өзгөчө көңүл аялдардын укуктарынын сакталышына бурулуп, анын ичинде кыздарды эркине каршы күйөөгө берүү жана ала качуу учурларына басым жасалды.

Андан сырткары Комитет мүчөлөрү расмий Кыргызстанды мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен гана чектелбестен, алардын аткарылышына да көз салууга чакырды.

Кыргызстандын бүгүнкү сейрек жоопторунун биринде Ички иштер министрлигинин өкүлү Шамшыбек Мамыров 2013-жылы «мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдөн улам» Кыргызстанда ала качуу «бир нече эсеге» азайгандыгын билдирди».

«Андай учурлардын ар бирине көңүл бурулууда», — деди ал.

Берилген суроолордун көбүнө Кыргызстандын делегациясы жооп берүүгө жетишпей калды, эми калганына бүгүн түштөн кийин жооп берет.