«Манас» Транзиттик жүк ташуу борборунун кызматкери бир ай тергөө абагында камакта болот

АКШнын Бишкектик кызды «зордуктоого аракет кылган» деп шектелип жаткан жараны тергөө иштери аяктаганга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болот. Ага карата козголгон кылмыш ишинин беренелери боюнча ал жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

10-март күнү Бишкектин Свердлов райондук соту тергөө иштери аяктаганга чейин аты-жөнү айтылбай жаткан америкалык жаранды бир айлык мөөнөткө тергөө абагына камоо чечимин чыгарды.

Ага карата Кылмыш кодексинин «Бейбаштык» беренесинин эң катаал пункттары боюнча кылмыш иши козголду:

2-бөлүк, 4-пункт: «Башка бирөөнүн мүлкүнө атайылап зыян келтирүү же талкалоого байланышкан бейбашчылык, — беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы менен жазаланат».

3-бөлүк, 3-пункт: «Коомдук тартипти коргоо боюнча милдетин аткарып жүргөн бийлик өкүлүнө, болбосо башка адамга, же коомдук тартиптин бузулушуна бөгөт койгон адамга каршылык көрсөтүүгө байланыштуу жасалган бейбашчылык, — төрт жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы менен жазаланат».

«Акчага жыныстык катнашка барууну сунуштаган»

Милициянын версиясы боюнча, чет өлкөлүк жаран 9-март күнү эртең менен мас абалында кафеден чыгып, жолдон 22 жаштагы Жамиля аттуу Бишкек шаарынын жашоочусун жолуктуруп, акча үчүн жыныстык катнашка барууну сунуштап артынан калбай ээрчип алган.

Кыз ал кишиден кутулуу үчүн көчөдөн такси кармап качып кетүүгө аракет кылган, бирок жүк ташуу борборунун кызматкери да аны менен кошо таксиге отуруп алган.

Жамиля айдоочуга кыргыз тилинде кайрылып, аны жакынкы милиция бөлүмүнө жеткирүүсүн өтүнгөн.

Такси айдоочусу аларды №10 шаардык милиция бөлүмүнө алып келип, милиция кызматкерлерин чакырган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын версиясына ылайык, чет өлкөлүк жаран милиция кызматкерлеринин талаптарын аткаруудан баш тартып, каршылык көрсөткөн.

«Милиция кызматкерлери эреже боюнча анын шаардык милиция бөлүмүнө кирүүсүн өтүнүшкөн. Ошол маалда алардын ортосунда уруш чыгып кетип, ал [АКШнын жараны] эки кызматкерди бир нече жолу башка уруп, погондорун жулуп, үстөлдү сындырып салган», — деп жазылган Бишкек ШИБсинин пресс-релизинде.

Жеке фирманын келишимдик негизде иштеп жүргөн жумушчусу

«Манас» Транзиттик жүк ташуу борборунун коомчулук менен байланыш бөлүмү Kloop.kgге кармалган адам Readiness Management Services компаниясынын келишимдик негизде иштеп жүргөн жумушчусу экенин жана Жүк ташуу борбору ал үчүн жооптуу эмес экенин билдирген.

«Кармалган адам келишимдик негизде иштеп жаткан жарандык адам болгондуктан ал аскер кызматкерлери үчүн каралган кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга туура келбейт», — деп билдиришти жүк ташуу борборунан.

Бул деген кармалган адамга «Манас» Транзиттик жүк ташуу борборунун аскер кызматкерлери үчүн каралган дипломатиялык кол тийбестик тиешелүү эмес жана шектүү адамдын үстүнөн сот адилеттиги Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт дегенди түшүндүрөт.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн азырынча Readiness Management Services компаниясы жеткиликсиз болууда.

Шектүүнүн өзү менен да байланышууга мүмкүн эмес. Ал тууралуу Калифорния штатынын Монтерей шаарында туулгандыгы жана анын келишим мөөнөтү «Манас» Транзиттик жүк ташуу борбору Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн токтотушу керек болгон 2014-жылдын жайында аяктай тургандыгы гана белгилүү.

Автор:  Нуриза Самарбекова