Москва: Бетине кислота чачылган кыргызстандык балага кийинки аптада операция жасалат

Москвадагы укук коргоочулар бир жарым жаштагы кыргызстандык балага операция жасатуу үчүн 129 миң рублден ашык каражат чогулткан. Белгисиз адамдар баланын бетине уксус кислотасын чачып жиберишип, ал анын сол көзүнүн тунук челин күйгүзүп кеткен.

Kloop.kgнин кабарчысына каражат топтоо боюнча акция өткөргөн «Жарандык көмөк» уюмунунан билдиришкендей, баланын сол көзүнө кийинки аптада операция жасалат.

Азыркы тапта кыргызстандык балага операция жасоо үчүн 129 миң рублден ашык (дээрлик 200 миң сом) каражат чогулган.

Бир жарым жашар Диёр Абдуллаев апасы менен бирге өткөн жылдын октябрында Москва метросунун станцияларынын биринде белгисиз адамдардын кол салуусунун курмандыгы болгон.

«Жарандык көмөк» уюмунун сайтындагы маалыматка ылайык, Диёр апасы Октомхон менен бирге метро станциясынан чыгып бара жатышканда жаш балдардан турган топ расизмдик сөздөрдү кыйкырып, анын апасынын артынан кубалашкан.

Диёрдун сол көзү 2013-жылдын октябрынан бери тигилген.
Диёрдун сол көзү 2013-жылдын октябрынан бери тигилген.

Апасынын кол салгандардан жашынып кала алганы менен алар баланын сол көзүн жабырланткан уксус кислотасын чачып жиберүүгө жетишишкен.

«Кичинекей Диёр катуу кыйкырып, көзүн ушалап баштаган. Анан кийинки станциядан андагы адамдар тез жардам чакырышкан. Көрсө баланын көзүнө кол салгандардын колдорундагы бөтөлкөдөн суюктук чачыраптыр. Ал көздүн тунук челин күйгүзүп кеткен уксус эссенциясы болгон», — деп жазылган «Жарандык көмөк» уюмунун сайтында.

Ошол эле түнү Диёрдун көзүн жууп, жабырланган көзүн тигишкен.

Кийинки аптада операция жасалгандан кийин анын ал көзү менен көрө алаар-албасы дагы деле белгисиз.

«Жарандык көмөк» уюмунун пресс-релизи жана Диёрго акча которуу боюнча нускама

Апасынан убактылуу ажырады

Абал качан Абдуллаевдердин үй-бүлөсүнүн Орусияда өткөргөн күндөрүнүн санын «жок кылып», миграциялык кызматтын айыптарынан качып кутулуу үчүн бир аз убакытка Украинанын аймагына кирип чыгуу аракетинен кийин оорлоп кеткен.

Чек арадан баланын апасы гана өтө алган. Бирок орусиялык чек арачылар анын Орусиянын аймагына кайрадан кирүүсүнө 2018-жылга чейин тыюу салышып, киргизбей коюшкан. Тыюу салуунун себептери айтылбай эле, бирок ал Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын катаалдатуу маалына туура келген.

Балага Москва метросунун станцияияларынын биринин жанында кол салышкан. Сүрөт: А. Савин
Балага Москва метросунун станцияияларынын биринде кол салышкан. Сүрөт: А. Савин

Ошентип, Диёрдун атасы Абдулла беш баласы менен Орусияда жалгыз калган, ал эми майып болгон баланын апасы Октомхон Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасы болгон.

Ошол маалда жабыр тарткан балага Орусиянын аймагындагы эмгек мигранттарынын укуктарын коргоп келгендиги менен белгилүү «Жарандык көмөк» уюму жардамга келген.

Каражат топтоо өнөктүгүн баштоо менен уюм алгачкы операция үчүн 15 миң рубль (22 миң сомдон ашык) чогултуу керектигин билдирген. Бирок Диёр тууралуу маалыматтын социалдык түйүндөр аркылуу кеңири жайылгандыгынан улам алгач айтылгандан сегиз эсе көп каражат чогулган.

Аны менен катар уюм учурда Диёрдун апасынын Орусияга кайрадан кайтып баруусуна уруксат алууга аракет кылууда.

Абдуллаевдердин үй-бүлөсү — 2010-жылы түштүктө орун алган кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы кагылышуудан кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон Кыргызстандагы өзбек азчылыгынын өкүлдөрү.

Автор: Амина Сулеева