Келдибековдун тарапташтары аны тергөө абагынан үй камагына чыгарууну талап кылып жатышат

Коррупцияга шектелип камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун 200гө чукул тарапташы саясатчынын баш коргоо чарасын тергөө абагынан үй камагына алмаштырууну талап кылышты.

Келдибековдун тарапташтарынын жыйналышы Башкы прокуратуранын имаратынын алдында өтүп жатат — алар депутаттын баш коргоо чарасын тергөө абагынан үй камагына алмаштырууну талап кылып жатышат.

Азырынча оппозициялык саясатчынын тарапташтарынын саны 200 кишиден ашпайт, бирок уюштуруучулар митинг аяктаганга чейин чогулгандардын саны миңге чейин жетээрин айтып жатышат.

Митингдеги демонстранттар колдоруна жазуулары бар кагаздарды кармап, лидерлери чогулгандардын алдына чыгып камактагы саясатчынын колдоп сөз сүйлөп жатышат.

«Акматбек Келдибеков Социалдык фонддун төрагасы болгондон кийин пенсиялар ар бир айдын 5инде берилип калган. Мунун бардыгы Акматбектин элге сиңирген эмгеги», — деп билдирди митингдин катышуучуларынын бири Абдубали Жусуев.

Келдибеков учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында камакта — ал Салык кызматы менен Социалдык фонддо иштеп турганда коррупциялык иштерге барган деген шек менен өткөн жылдын ноябрында камакка алынган.

Саясатчы камакка алынгандан эки күн өткөндөн кийин Октябрь райондук соту аны 2014-жылдын январынын аягына чейин камоо чечимин чыгарган, кийинчерээк ал мөөнөт 27-мартка чейин узартылган.

Тергөө абагында жатканда депутатка бир нече жолу операция жасалган: бир жолу тизесине жана эки жолу чыканагына.

Келдибековдун камалышы

Саясатчы Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Ошондой эле ал 2005-жылы «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 млн сом каражатты мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелип жатат.

Андан сырткары Келдибековго эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деген айып тагылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппоззициялык саясатчы өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептеп жатат.

Буга чейин башкы прокурор Аида Салянова эгер Келдибеков күнөөлүү деп табылса 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн билдирген.