Кыргызстандын ТИМи Украинанын бийликтен кеткен президенти Виктор Янукович «легитимдүү боло албастыгын» жана анын акыркы билдирүүсүн «орунсуз жана азыркы кырдаалга туура келбеген» деп эсептей тургандыгын билдирди. Андан сырткары расмий Кыргызстан кайсыл гана өлкөдө болбосун, ал өлкөдө бийликтин булагы жалгыз гана эл болуп эсептелет деген пикирде.
Бул Украинадагы үч айлык нааразычылык акцияларынан кийин 22-февралда президент Виктор Янукович бийликтен кеткенден берки кыргыз бийлигинин экинчи билдирүүсү.
Бирок Кыргызстандын бийлиги бул билдирүүсү менен болуп аткан окуяларга алгачкы жолу өз баасын берди десек болот.
Кыргызстандын мындай позициясы Тышкы иштер министрлигинин 11-март күнү кечинде журналисттерге тараткан билдирүүсүндө жазылган.
ТИМдин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков Kloop.kgнин журналисти менен болгон маегинде ал билдирүүдө жазылгандардын аныктыгын ырастады.
Ал билдирүүдө Украинанын курамынан чыгып, Орусиянын курамына кирүүгө даярданып жаткан Крым автономиялык республикасындагы кризистик абал тууралуу эч нерсе айтылган эмес.
Бирок Кыргызстандын ТИМи «Украинадагы абалдын стабилдүүлүгүн бузууга багытталган ар кандай иш-аракеттерди» сынга алган, ошентсе да стабилдүүлүктү бузууга кимдин аракет көрүп жаткандыгы айтылган эмес.
Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги Виктор Януковичтин Орусиянын Ростов шаарында 11-март күнү дагы деле президент экендигин жана Киевге кайтып бара тургандыгын билдирген басма сөз жыйынын сынга алган.
«Януковичдин үстүбүздөгү жылдын 11-мартта жасаган билдирүүсүн орунсуз жана азыркы кырдаалга туура келбеген деп эсептейбиз», — деп жазылган кыргыз ТИМинин билдирүүсүндө.
Анда ачык айтылбаганы менен Кыргызстандын бийлиги Украинан жаңы бийлигин тааныды деп айтсак болот.
«Кайсы бир өлкө болбосун, ал өлкөдө бийликтин булагы жалгыз гана эл болуп эсептелет. Толугу менен элдин ишенимин жоготкон, президенттик ыйгарым-укуктарын факты жүзүндө жоготкон, атүгүл, өлкөсүнөн качып кеткен президент легитимдүү боло албай», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.
Кыргызстандын бийлиги революциянын алдында Киевдеги кагылышууларда каза болгондорду «күнөөсүз адамдар» деп атап, украин кризисин «тынч иш-чаралар, сүйлөшүүлөр жана диалог жолу менен, ошону менен бирге эл аралык укуктук нормаларга жана БУУнун Уставына ылайык тезинен жөндөөгө» чакырды.
Кремлдин позициясына каршы
Расмий Кыргызстандын билдирүүсүн күтүүсүз билдирүү катары мүнөздөсө болот — бийликтегилер дээрлик эки аптадан бери Украинадагы кырдаал боюнча эч кандай билдирүү жасашкан эмес.
Андан сырткары бул билдирүү Кыргызстандын башкы өнөктөштөрүнүн бири деп эсептелген Орусиянын позициясына каршы келет.
Расмий Москва Украинанын жаңы бийлигин тааныган жок жана өз аскерлерин Крымдын аймагына киргизип, аларды жергиликтүү коргонуу күчү деп атап жатат.
Кыргызстандан айырмаланып Орусия каза болгондорду «күнөөсүн адамдар» деп атаган жок, тескерисинче, Киевде бийликке «радикалдар» менен «фашисттер» келгендигин билдирдө — Орусиянын мындай мүнөздөмөсү менен украин нааразычылык акциясынын катышуучулары таптакыр макул эмес.
Ошондой эле Кремль Украинанын легитимдүү президенти дагы деле Виктор Янукович экенин билдирүүдө.
Kloop.kgнин башкы редакторунун революциялык Киевге болгон сапары тууралуу атайын репортаждар:
Үч айга созулган нааразычылык акциясы
Украинада өлкөнүн парламенти — Жогорку Рада — Виктор Януковичтин президенттен кетиши үчүн добуш берген 22-февраль күнү революция болгон.
Революцияга Киев менен негизинен өлкөнүн батышындагы үч айга созулган нааразычылык акциялары себеп болгон. Ал нааразычылык акцияларынын негизгиси — «Евромайдан» деген да аталышы менен белгилүү Киевдин борбордук Майдан аянтындагы акция.
Янукович 2013-жылдын 22-ноябрында күтүүсүздөн Евробиримдик менен соода макулдашуусуна кол коюуудан баш тартып, анын ордуна Украинанын саясаты Орусияга карай багыт ала тургандыгын билдиргенден кийин оппозиция Киевдин борборуна нааразычылык акциясына чыккан.
1-декабрга караган түнү анча көп эмес киши катышкан Киевдеги алгачкы нааразычылык акциясын кууп таратуу аракетинен кийин анын катышуучуларынын саны кыйла өсүп кеткен.
Андан соң «Евромайданда» мезгил-мезгили менен милиция жана атайын даярдыктагы аскер бөлүгү менен кагылышуулар орун алып турган. Бирок бийликтегилердин тынч жыйналыштар жөнүндөгү мыйзамдарды катаалдатуу атакеттерине карабастан оппозиция Киевдин борборундагы нааразычылык лагерин сактап кала алган.
Демонстранттар менен атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн ортосундагы кагылышуулар ырайымсыздыктын эң жогорку чегине 18-20-февраль күндөрү жеткен. Анда жалпысынан 100дөн ашык киши каза болгон, алардын көпчүлүгүн нааразычылык акциясыны катышуучулары болушкан.
Макулдашуудан кийинки качуу
Президент Виктор Янукович эпке келип, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү убадалап оппозиция менен 21-февралда макулдашууга барган, бирок эртеси Киевден, а бир нече күндөн кийин Украинанын аймагынан чыгып кеткен. Андан соң ага каршы өз өлкөсүндө бир нече кылмыш иши козголгон.
Янукович бийликтен кеткенден кийин «Евромайдан» эч кандай популярдуулукка ээ болбогон Украинанын чыгыш жана түштүк аймактарында кырдаал курчуп кеткен — андагы жергиликтүү калк жаңы бийликтин «улутчулдук» маанайынан кооптонуп жатышат.
Орусиялык аскер кызматкерлеринин көзөмөлүндө турган Крым автономиялык республикасы таптакыр эле Украинанын курамынан чыгып, Орусиянын курамына кирүү каалоосун билдирип чыкты.
Украинадагы кырдаал өлкөдөгү жаңы бийликти колдоп жаткан батыш өлкөлөрү менен ал бийликти дагы деле тааныбай жаткан Орусиянын ортосундагы мамилелерди начарлатып жиберген.
Автор: Бектур Искендер