Вице-спикер «гомосексуализмдин жайылышына чектөө киргизүү» убадасын берди

Вице-спикер пообещал «ограничить распространение гомосексуализма» Парламент төрагасынын орун басары, депутат Төрөбай Зулпукаров Кыргызстанда «гомосексуализмдин жайылышын чектей турган» мыйзам долбоору даярдалып жаткандыгын билдирди. Укук коргоочулар мындай идеяларды «басмырлоочу» идея деп эсептеп жатышат.

Бул тууралуу вице-спикер Зулпукаров 12-март күнү эртең менен «гей-пропаганда» менен бейөкмөт уюмдарга каршы Бишкекте митинг өткөргөн «Калыс» жаштар кыймылынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Зулпукаров гомосексуализмди «биздин салтыбызга жат көрүнүш» катары эсептей тургандыгын айтып, «калысчыларды» ынандырды.

Вице-спикердин айтымында, парламент депутаттары өз ичине «гомосексуализмдин жайылышын чектей турган» нормаларды камтыган «Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун даярдап жатышат.

«Гомосексуализм биздин салт-санаабызга таптакыр жат көрүнүш жана жалпы эле адамзат табиятына карама-каршы келет», — деп жазган парламенттин басма сөз кызматы Зулпукаровдун ал жолугушууда айткандарын.

Бирок азырынча мыйзам чыгаруучулар «гомосексуализмди жайылтуу» деп айтып жаткан нерсени депутаттардын кандай жол менен чектей тургандыктары түшүнүксүз.

«Басмырлоочу мыйзам долбоорлор»

Укук коргоо тармагында Зулпукаровдун бул билдирүүсү сынга алынды.

Эл аралык «Хьюман Райтс Уотч» уюмунун өкүлү Анна Кирей парламент депутаттарын «чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурууга» чакырды.

«Эгер парламент чынында эле балдарды коргогусу келсе анда көптөгөн эл аралык инстанциялар начар деп тапкан көзкөрүнөө басмырлоочу мыйзам долборлоорун түрткөндөн көрөк чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурушсун», — деди Кирей Kloop.kgге берген маегинде ушуга окшош Орусияда кабыл алынган мыйзамдарды мисал келтирип.

Кирей мамлекет биринчи кезекте лесбиян, гей жана трансгендерлерди (ЛГБТ) зомбулуктардан (өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан жасалган) коргошу керек деп эсептейт.

«Биринчи кезекте укук коргоо органдары тарабынан ЛГБТ өкүлдөрүнө карата жасалган зомбулуктарга жана ар түрдүү саясий топтордун аларга карата зомбулук иштерге баруу чакырыктарына көңүл буруу керек», — деп билдирди Кирей.

Автор: Бектур Искендер